Версия для печати
Вторник, 28 Декабрь 2021 14:32

"Жыл мыктылары 2021" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн, 28-декабрда Ош шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган "Жыл мыктылары 2021" сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү. Ага мэр Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, конкурстун жеңүүчүлөрү жана жаштар катышты.

Конкурстун катышуучулары социалдык тармак аркылуу сунушталып, андан соң эң көп добуш алгандарынын жыл ичиндеги жетишкендиги, Ош шаарынын өнүгүүсүнө кошкон салымына байкоо жүргүзүлгөн. Натыйжада 22 номинация боюнча ар тармактын мыктылары тандалды. Жеңүүчүлөргө статуэтка жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. 
Окулду 359 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо