Бүгүн бул багытта Бишкек шаарында жыйын өтүп, Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланып жаткан "Ош облусун жана Ош шаарын регионалдык экономикалык өнүктүрүү" долбоорунун жетекчилиги, КРнын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин директору жана эксперттер менен жолугушуу өттү. Анын алкагында долбоорду ишке ашыруунун жолдору, Ош шаарында туристтик инфраструктуралык объекттерди жакшыртуу маселеси талкууланды. Жакында иштелип чыккан калаанын бренди презентацияланып, бул багытта бирге иш алып баруу макулдашылды.