Версия для печати
Четверг, 09 Декабрь 2021 21:14

Кичи автобустарга рейд жүргүзүлдү

Ош шаарында кичи автобустардын кечки саат 19:00дөн кийинки каттоосун көзөмөлгө алуу үчүн рейд жүрдү. Бүгүн вице-мэр Сонунбек Жунусбаев жана тийиштүү тармактардын жетекчилери биргеликте коомдук транспорттор токтоочу аялдамаларга барып, кичи автобустардын каттамын текшерүүгө алды. Анда интервалда белгиленген убакыт сакталып жатканына байкоо салынды.

Бүгүнтөн башталган рейд бир ай бою улантылат. Анда кечкисин да линияга чыгуу талабына макул болгон ЖЧКларга көзөмөл жүрөт. Кечки 21:00гө чейин айдоочуларды камсыз кыла албаган ЖЧК менен түзүлгөн келишим бузулат.
Эскерте кетсек, 1-декабрдан баштап кичи автобустарга болгон тариф көтөрүлгөн болчу. Бирок шаардыктар тарабынан кечкисин айдоочулар жүргүнчү ташыбай жатат деген нааразычылыктар айтылып келген. Шаар мэриясы бул маселени чечүү аракетин көрүүдө.
Окулду 399 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо