Версия для печати
Среда, 01 Декабрь 2021 17:45

Ош шаарында окуган окуучу Эл аралык сынакта биринчи орунга ээ болду

Ош шаарындагы «Профессор П.Купуев атындагы билим берүү Академиясынын» 5-классынын окуучусу Дарига Тайлакбаева Түркиянын Адана шаарында өткөн «Yurt Сağdaş Kültür ve Sanat» аттуу онлайн музыкалык сынагында биринчи орунду багындырды.

Жеңүүчүнү Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кабыл алып, жетишкендиги менен куттуктады. Ошондой эле окуучуну тарбиялаган Кыргызстанга белгилүү скрипкачы Айнура Замирбекованын эмгеги белгиленди. Шаар башчысы жаш талантка ийгилик каалап, келечек муундардын талантын, аракетин, жөндөмүн колдоого даяр экенин билдирди.
Эми аталган сынактын жеңүүчүлөрү жана шаардагы мектептердин активдүү 16 окуучусу «П.Купуев атындагы билим берүү Академиясынан» акысыз билим ала алышат. Бул аркылуу көп балалуу үй-бүлөлөргө, ата-энесиз балдарга, мугалимдердин жана дарыгерлердин балдарына колдоо көрсөтүү максатталган.
Окулду 380 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо