Версия для печати
Вторник, 23 Ноябрь 2021 18:42

Жакында жаңы мектеп пайдаланууга берилет

Ош шаарында ушул жылдын аягына чейин 375 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилет. Улуу Ата Мекендик согуштун баатыры Чолпонбай Түлөбердиев атындагы мектеп Жапалак аймактык башкармалыгындагы Орке айылында жайгашкан. Бүгүн курулуш иштери менен вице-мэр Венера Рыскулова таанышып келди. Сауд Аравиянын өнүктүрүү фонду тарабынан курулган билим уясына 987,5 миң доллар акча каражаты жумшалган.

Мэр Алмаз Мамбетовдун тапшырмасы менен шаардын бюджетинин эсебинен Түлөбердиевдин эстелиги тургузулду. Аны менен катар имараттын айланасын асфальттоо иштери башталды.
Окулду 415 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо