Бүгүн, 22-ноябрда Ош шаарында прокуратура кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Ага вице-мэр Сонунбек Жунусбаев, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков катышып, кесип ээлерин майрамы менен куттуктады. Өлкөдө мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөп, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө бул органдын орду чоң экени айтылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө бул тармакта үзүрлүү эмгектенип келген бир катар кызматкерлерге Ош шаарынын мэриясынын жана кеңешинин Ардак грамоталары тапшырылды.