Версия для печати
Четверг, 18 Ноябрь 2021 20:19

Шайлоого даярдык координациялык кеңешмеде каралды

Бүгүн, 18-ноябрда Ош шаарынын мэриясында шайлоого байланыштуу координациялык кеңешме өттү. Ага биринчи вице-мэр Марс Исаев, вице-мэрлер, укук коргоо органдарынын, аймактык шайлоо комиссиясынын жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү катышты.

Кеңешмеде шайлоого байланыштуу коомдук саясий кырдаалды көзөмөлдөө, шайлоо участкаларындагы даярдык, үгүт учурундагы мыйзам бузуулардын алдын алуу тууралуу сөз жүрдү.
Ош шаарында жалпы 78 шайлоо участкасы бар. Ал эми шайлоочулардын саны 154 миңди түзөт. Бүгүнкү күндө мэрия тарабынан шайлоо өткөрүү үчүн участкаларда керектүү шарттар түзүлгөн. Алдыда добуш берүүчү тилкелерди дезинфекциялоо иштери жасалат. 
Окулду 376 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо