Бүгүн, 5-ноябрда Ош шаарынын мэриясынын жыйындар залында 7-ноябрь- КРнын маалымат жана басма сөз күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага шаар вице-мэри Венера Рыскулова, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков жана Оштогу жалпы массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Венера Рыскулова массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн шаар мэри Алмаз Мамбетовдун атынан кесиптик майрамы менен куттуктап, журналисттер коомдун күзгүсү экендигин белгиледи.
“Басма сөз коомдук пикирди чагылдырып, бийлик менен элдин ортосундагы “көпүрө” болуп саналат. Бүгүнкү күндө жалпыга маалымдоо каражаттары жашообуздун ажырагыс бөлүгүнө айланып, чыныгы күчкө ээ болуп турат. Сиздер талыкпас эмгегиңиздер, чыгармачылык көрөңгөңүздөр, турмуштук бекем позицияңыздар менен өлкөбүздө сөз эркиндигин камсыз кылуу менен элибизге ак ниетиңиздерден кызмат кылып келе жатасыздар. Сиздердин мындай аракетиңиздер мэрия тарабынан колдоого алынып, тыгыз кызматташууга ар дайым умтулуп келе жатабыз.
Журналисттин чыгармачылыгы эл ишенимин жакшы жакка бурууга да, ошол эле учурда аны жокко чыгарууга да жөндөмдүү. Жалындуу, күчтүү айтылган жакшы сөз адамдарды жакшылыкка үндөйт. Ал эми жаман, чагым сөз коомдун биримдигин ыдыратат. Ошондуктан журналисттин калеми курч да, калыс да, акыйкат да болушу керек. Ош шаарынын мэриясы сиздер менен ар дайым тыгыз кызматташууга даяр. Кандай маселе болсо да эшигибиз ачык”,-деди вице-мэр өз сөзүндө.
Иш-чаранын жүрүшүндө, Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон бараандуу салымы, мэриянын коомдук-саясий ишмердүүлүгүн коомчулукка активдүү чагылдырууну уюштургандыгы жана ак ниет эмгеги үчүн, 7-ноябрь-КРнын маалымат жана басма сөз күнүнө карата Ош шаардындагы бир катар ММКнын өкүлдөрүнө мэриянын Ардак грамоталары жана акчалай сыйлыктары тапшырылды.
Айта кетсек, 1924-жылы 7-ноябрь күнү туңгуч кыргыз тилдүү “Эркин-Тоо” гезити (азыркы “Кыргыз туусу”) чыга баштаган. Бул дата жалпыга маалымдоо каражаттарынын, радио жана телеберүүнүн, басмакананын бардык кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары 1993-жылдын 1-ноябрында кыргыз өкмөтүнүн атайын токтому менен бекитилген.