Версия для печати
Пятница, 29 Октябрь 2021 19:52

Ошто калкка кызмат көрсөткөн айдоочулар сыйланды

Бүгүн, 29-октябрда Ош шаарынын мэриясында Кыргыз Республикасынын автомобиль, транспорт жана жол чарба кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Ага Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, шаарда автомобиль транспорту жана жол чарба тармагында эмгектенген кызматкерлер катышты.

Вице-мэр кесип ээлерин Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов атынан куттуктады.
“Шаарыбыздын күнүмдүк турмуш-тиричилигин камсыз кылууда автомобиль транспортунун жана жол чарба тармагынын ээлеген орду чоң. Шаар калкына транспорттук кызмат көрсөтүүдө, майрам, дем алыш күн дебестен түн уйкудан кечип, бейпил турмушту камсыз кылуудагы эмгегиңиздер өзгөчө. Ошондой эле, шаарыбызда жайгашкан бардык мекеме-ишканалардын ишмердүүлүгү, окуу жайларындагы окуу процесстери үзгүлтүксүз, стабилдүү камсыз кылынуусу Сиздердин кызматыңыздарга түздөн-түз байланыштуу. Өз кесипкөйлүүлүгүңүздөр менен мындай чоң жоопкерчиликти аркалап келатасыздар. Автобиль транспортунда жана жол кызматында иштеп жаткан кызматкерлер мындан ары күндөн-күнгө кооздонуп бараткан шаарыбыздын инфраструктурасын оңолушуна өзүңүздөрдүн ак эмгегиңиздер менен салымыңыздарды кошо бериңиздер”,-деди Жасур Азимов.
Иш-чаранын жүрүшүндө, Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, жүргүнчүлөрдү сапаттуу тейлөөгө кошкон бараандуу салымы, ак ниет эмгеги үчүн мэриянын Ардак грамотасы менен 20га жакын кызматкерлер сыйланды.
Окулду 373 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо