«Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасынын башчысы болуп Осмонов Жалил Акылбаевич дайындалды. Тийиштүү буйрукка Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кол койгон.
Аталган ишкананын мурунку жетекчиси Токторбаев Данияр Жусупович өз каалоосу менен арызын жазгандыгына байланыштуу кызматынан бошотулган.