Версия для печати
Вторник, 28 Сентябрь 2021 09:01

ОШ – УЛУУ ЖИБЕК ЖОЛУНУН ПРОВАЙДЕРИ!

Биринчи Регионалдык Туристтик Форумда эл аралык эксперттер ОШ шаарын Улуу Жибек Жолунун негизги туристтик Провайдери катары таанышты. Ош шаары байыркы трансконтиненталдык маршруттун глобалдык трассасы боюнча өткөн баардык чет элдик туристтерге заманбап туристтик кызматтарды көрсөтүүчү негизги калаа катары көрсөтүштү.

Тарыхый көз карашка байланыштыруу менен ОШ шаары эл аралык континентте маанилүү болгон туристтик багытын өнүктүрүп, Улуу жибек жолу менен байланышкан өзүнүн брендин түзүү аркылуу туризмди жандандырууга ниеттенүүдө. Ош шаарынын өздүк глобалдык бренди жана туристтик продуктусу калаага жүз миңдеген туристтерди тартат жана туризмди өнүктүрүү менен чакан жана орто бизнестин, жалпысынан Кыргыз Республикасынын бүтүндөй экономикасынын өнүгүшүнө кубаттуу шарттарды түзөт.

Алмаз Мамбетов башында турган жаңы менеджмент, Ош шаарына келген чет өлкөлүк туристтер үчүн жакшы туристтик чөйрөнү түзүүгө жана калаа туристтик инфраструктурасын жакшыртуу үчүн баардык аракеттерди көрүүдө. Ош калаасы чет элден келген конокторду аэропортон, бажы өтмөктөрдөн тосуп алуудан баштап, мейманканаларга жайгаштырууда, коомдук тамактануучу жайларга алып барууда шарттарды жогорулатууга бет алды жана жаңы туристтик технологияларды киргизүүгө даяр жана ачык.

ОШ ШААРЫ, УЛУУ ЖИБЕК ЖОЛУНУН ТУРИСТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЧҮ ПРОВАЙДЕР БОЛУУГА ДАЯР!

 

Окулду 599 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо