Версия для печати
Вторник, 31 Август 2021 18:54

Ош шаарында Түрк Кеңешинин жаш лидерлеринин III форуму өтүп жатат

31-август күнү Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 30 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралардын алкагында Түрк Кеңешинин Жаш лидерлеринин үчүнчү форуму өтүүдө. Ага Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан жана Кыргызстандын аймактарынан келген 50дөн ашык жаш делегаттар катышты.
Форумдун максаты-региондорду өнүктүрүү жана жаштар саясатынын алкагында тажрыйба алмашуу, шаардын потенциалын өнүктүрүүгө кошумча дем берүү, түрк тилдүү элдердин ортосундагы боордоштук жана достук мамилени чыңдоо болуп саналат.
Форумдун делегаттары шаардын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоонун 30 жылдыгына карата уюштурулган майрамдык салтанатка катышты.
Эртең, Иш -чаранын алкагында Түрк Кеңешинин өлкөлөрүндөгү активдүү жаштардын ишмердүүлүгү туурасында илимий жана практикалык конференциялар, эркин темалар боюнча жолугушуулар, тегерек столдор уюштурулат.
Окулду 4509 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо