Версия для печати
Среда, 10 Март 2021 12:31

Ош шаарындагы мугалимдер арасындагы сынактын жеңүүчүлөрүнө батир жана автоунаа белекке берилет

Ош шаарындагы мектеп мугалимдеринин арасында "Жылдын мыкты мугалими-2021" кароо-сынагы старт алды. Бүгүн, 10-мартта Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов шаардагы мектеп директорлору жана мугалимдер менен жолугушуп, сынак үчүн коюлган байгелер тууралуу айтып берди. Мугалимдерге сынактын шарттары түшүндүрүлүп, жеңүүчүлөр үчүн берилчү сыйлыктардын сертификаттары Ош шаардык билим берүү башкармалыгына тапшырылды.

Ош шаарынын мэриясы демөөрчүлөр менен биргеликте жеңүүчү мугалимдерге төмөнкү белектер берилет:
Сынактын баш байгесин жеңген мугалимге "Эмаком" курулуш компаниясынын атынан батир;
1-орунга "Визион" курулуш компаниясынын атынан автоунаа;
2-орунга Ош шаарынын мэриясынын атынан муздаткыч, компьютерлер, түстүү принтер жана кир жуучу машина;
3-орунга мэрия тарабынан компьютер, түстүү принтер жан чаң соргуч;
4-орунга "Карс" такси кызматы тарабынан 3 адамга Ысык-Көлгө эс алуу үчүн жолдомо;
Мындан тышкары сынакка катышкан мугалимдер үчүн ноутбук, сматфондор берилет.
Кызыктыруучу сыйлыктарга Ош шаарынын мэриясынан тышкары "Кудайберди" базары, Дары-дармектер менен камсыздоо департаменти, Борбордук базар, "Атабек", "Исламбек", "Кут ордо" кафелеринин ээлери демөөрчүлүк кылышкан.
Сынакка Ош шаарындагы 53 мамлекеттик мектептердин мугалимдери катышат.
Окулду 185 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо