Версия для печати
Среда, 17 Февраль 2021 09:56

Ошто айдоочуларга жол эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат

Бүгүн 17-февралда Ош шаардык ички иштер башкармалыгы жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги менен биргеликте кичи маршруттук каттамдардын жетекчилери менен жолугушуп, жыйын өткөрдү.

Жыйындын алкагында ар бир айдоочуга жетекчи тарабынан жол кырсыктарын алдын алуу, автоунаалардын техникалык абалын жакшыртуу, окуучуларды калтырбай алып кетүү, аялдамаларга токтоо эрежелери туурасында маалымат берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмаларын беришти. 
Окулду 188 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо