Версия для печати
Среда, 17 Февраль 2021 09:52

Ош шаарынын мэри Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги курулуш иштеринен кабар алды

Бүгүн,17-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Ак-Буура дарыясынын эки жээгин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу багытындагы ири долбоордун курулушунан кабар алып, жээктеги мыйзамсыз курулуштарды алуу иш аракеттерин текшерди.

Шаар башчысы дарыянын эки жээгин бекемдеп, шаар тургундарынын эс алуусуна, коноктор үчүн көрүнүктүү, кооз жерге айландыруу максатында башталган долбоордун курулушу кызуу жүрүп жаткандыгын билдирди.
“2020-жылдын эң ири долбоорлорунун бири Ак-Буура болуп саналат. Биринчи этапта Бахапова көчөсүнөн Нурматов көчөсүнө чейинки эки жарым чакырымдан болгон эки жээк бекемделет. Мындан тышкары долбоорго тоскоолдук берген курулуштарды жылдыруу иштери кызуу жүрүп жатат. Баары мыйзам чегинде болот. Шаардыктарга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү аксатында дагы көп иштер аткарылат”,- деди Т.Сарыбашов.
Ак-Буура долбоору 2 этаптан турат. 1-этабында Бахапова көчөсүнөн Нурматов көчөсүнө чейин оңдолсо, 2-этабында Нурматов көчөсүнөн Навои көчөсүнө чейин оңдоо иштери жүрөт.
Долбоордо дарыянын эки жээгин бекемдөө, балдар ойноочу аянтчалар, жөө жана велосипед менен жүрүүчү жолдор, жарыктандыруу, эс алуучу отургучтар, көпүрөлөр курулат. Мындан тышкары тазалык үчүн урналар коюлуп, велопорковкалар курулат. Дарыянын жээктерине коопсуздук үчүн тосмолор орнотулмакчы. 
Окулду 129 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо