Версия для печати
Четверг, 12 Ноябрь 2020 16:10

Ош шаарында 5 мектептин курулушу жүрүп жатат

Бүгүн, 12-ноябрда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов курулуп жаткан объектилерди кыдыруу учурунда, республикалык бюджеттин эсебинен курулуп жаткан мектептердин курулушу менен таанышты.

 
Анын негизинде шаар жетекчиси Туран кичи районунун Ирригатор участогунда курулуп жаткан 275 орундуу мектепке барып, андагы куруучулар, жумушчулар менен кыйынчылыктар жана көйгөйлөр жөнүндө маектешти.
 
«Бүгүн биз республикалык бюджеттин эсебинен курулуп жаткан мектептердин курулуш иштери менен жеринде тааныштык. Азыр Ош шаарында 5 мектептин курулушу жүрүп жатат. Өткөн жылдары каражаттын жоктугунан бул мектептердин курулушу токтоп калган. Учурда аталган мектептердин курулушуна каражат бөлүнүп, кийинки жылы бардык 5 мектепти бүткөрүү пландалууда », - деди Т.Сарыбашов.
 
Ошондой эле, шаар башчысы канализация тармактарында көйгөйлөр жаралган №78 "Ширинтай-Ош" бала бакчасында болду.
 
Таалайбек Сарыбашов белгилегендей, шаардын 2021-жылга болгон бюджетине аталган аймакта канализация менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүү боюнча долбоорлор киргизилет. Ошондой эле, узундугу 1,8 чакырым жолду капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча кийинки жылдын планына киргизүү жөнүндө тапшырма берилди. Мындан тышкары, Таалайбек Сарыбашов кийинки жылы бул аймакта дагы 100 орундуу бала бакчанын курулушу башталаарын билдирди.
 
Айта кетсек, Ош шаарында республикалык бюджеттин эсебинен 5 мектеп курулуп жатат. Алар:
- Ирригатор участогундагы 275 орундуу мектеп, тендердик баасы 51,4 млн сом;
- Ломоносов атындагы №3 мектептин 500 орундуу кошумча окуу корпусу, тендердик баасы 45 млн сом;
- Курман-Датка МТУнун 222-кварталындагы 275 орундуу, тендердик баасы 61 млн сом;
- Амир-Тимур кичи районундагы 625 орундуу мектеп, тендердик баасы 147,8 млн сом;
- Нариманов мектебинин жаңы окуу имараты.
Окулду 404 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо