Версия для печати
Воскресенье, 28 Июнь 2020 05:56

Ош шаарында 2 айдын ичинде "118" түз байланышына 1700дөн ашуун жаран кайрылган

Үстүбүздөгү жылдын май айынан баштап "бейтап-байланыш-борбору-саламаттык сактоо системасы" өз алдынча дартты аныктоо алгоритминин алкагында, КР саламаттык сактоо министрлигинин - 118 ыкчам байланыш кызматы ишин баштаган.

Анын алкагында Ош шаарында акыркы 2 айдын ичинде "118" түз байланышына 1756 жаран байланышка чыгып, анын 652си COVID-19 илдетине шектүү деп саналган. Шаар тургундары түз байланыш аркылуу тийиштүү адистерден медициналык кеңеш алышкан.

Дарыгерден, эпидемиологдон жана лобаранттан түзүлгөн мобилдик медициналык топ 264 чакырууну кабыл алып, жеринен кеңештерин берип, вирус туурасында маалымат беришкен. 16 бейтап ооруканага
жеткирилип, анализ алынып, санитардык-көзмөлдөө борборуна өткөрүлдү.

Баардык маалыматтар ыкчам түрүндө Ош шаары жана Ош облусу боюнча түзүлгөн штабга жана Ош шаары жана Ош облусу боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна берилип турат.

Ош шаарынын мэриясы шаар тургундарына шек санап жаткан учурда "118" түз байланышына чалып, маалымат алууга чакырат.

Эгерде жугуштуу оорунун белгилери байкалса мобилдик топ бейтаптын үйүнө барып экспресс-скрининг алышат.

Окулду 471 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо