Оштогу борбордук стадион оңдолууда
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Понедельник, 25 Март 2019 13:24

Оштогу борбордук стадион оңдолууда

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов борбордук А. Сүйүмбаев стадионун оңдоону демилгелеп, жергиликтүү ишкерлер жана демөөрчүлөр колдоого алган.

Бүгүн, 25-мартта шаар мэри стадиондогу курулуш иштери менен таанышып, спорт сүйүүчүлөрүнө жакшы шарт түзүлө турганын билдирди. Бүгүнкү күндө стадиондун дарбазасы, тепкичтер, VIP-зал, чуркоо тилкеси, ичиндеги жуунучу жай жана ажатканасы оңдоодон өтүүдө.

Мындан тышкары сынган отургучтар алмаштырылып, стадиондун административдик имаратынын сырты оңдолууда. Көрүүчүлөр үчүн өзүнчө жаңы ажаткана да курулууда. Калаа башчысы “Ошсвет” ишканасына түнкү жарыктандыруу боюнча да тапшырма берип, стадиондо түнү да машыгууга шарт түзүлүшү керектигин айтты.

“Быйыл ТҮРКСОЙ тарабынан Ош-түрк тилдүү элдердин маданий борбору деп жарыяланган. Ачылыш аземи 20-апрелде стадиондо өтөт. Шылтоо менен оңдоо иштерин колго алдык. Бизде эң негизги максат спорт сүйүүчүлөрүнө шарт түзүп берүү болуп жатат. Күйөрмандар футболдук беттештерди ыңгайлуу жерде көрүш керек. Футбол да өнүгүп жатат. Быйыл колдон келишинче оңдойбуз. Президенттибиздин аймактарды өнүктүрүү жылы боюнча жарлыгын ишкерлер да колго алып, жардам көрсөтүшүүдө. Кийинки жылдардан адамдар отурган жайлардын үстүн жабууну да планга киргиздик”,-деди мэр.

Акматбек Сүйүмбаев стадиону 1960-жылы курулуп, 12 миң көрүүчүгө ылайыкташкан. Стадион капиталдык оңдоодон акыркы жолу 2000-жылы өткөн.

Окулду 1449 жолу

Медиа

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Май 2022 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан…

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм…

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык муниципалдык ме...

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош шаарынын Асранкулов көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолду...

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашо…

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов курулуш иштер менен таанышты

Ош шаарынын Жапалак айылдык башкармалыгына караган Арек айыл...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });