Версия для печати
Среда, 06 Март 2019 18:35

Мэр мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялап жаткан энелерден кабар алганы үйлөрүнө барды

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 8-март-Аялдардын эл аралык майрамына карата аз камсыз болгон үй-бүлөдө мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялап жаткан айымдарды куттуктап, үйлөрүнө барды. Шаар мэри айымдарга үй тиличилигине керектелүүчү буюмдар телевизор, кир жуугуч машина, муздаткыч, электр печкаларын белекке берди. Ошондой эле жаш балдарга таттууларды, тамаш-аш азык-түлүктөрүн тапшырды.

“Сиздерди келе жаткан майрамыңыздар менен чын дилден куттуктайм. Майрам алдынан күтүүсүздөн барып, куттукташты максат кылган элем. Дайым ден соолукта болуп, балдарыңыздарга мээрим тартуулап жүрүңүздөр. Биз сиздерди камкордукка алып, ар дайым жардам берүүгө даярбыз. Буюрса жайында балдарыңыздарды эс алуу лагерлерине, Ысык-Көлгө эс алып келүүгө жиберебиз деп пландап жатабыз”,-деди Т.Сарыбашов.

Айта кетсек, Т.Сарыбашов шаардагы социалдык колдоого муктаж 5 үй-бүлөдөн кабар алып, Амир-Темир аймактык башкармалыгында жашаган Б. Алимованын үйүн оңдоодон өткөрөөрүн, Дача участкасынын жашоочусу И. Арзибаеванын үйүнө таза суу жеткирүү тапшырмасын берди.

Мэрдин келип кабар алышын күтпөгөн энелер калаа бышчысына ыраазычылык билдиришти. 

Окулду 1655 жолу

Медиа

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо