Бир катар студенттер “Кыргыз Текстиль ЛТД” текстиль фабрикасында болушту
Бүгүн, 14-мартта “Кыргыз Текстиль ЛТД” текстиль фабрикасынын базасында Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин студенттери жана окутуучулары үчүн “Менин биринчи тиккен кийимим” аттуу иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, ректор Чаткалбай Райымбаев, университеттин профессордук-окутуучулар жамааты, студенттер жана ата-энелер катышты. Н.Кадыров жаш адистерге өндүрүштүк практикадан өтүү үчүн керектүү шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө практиканын алкагында бул фабрикада өндүрүлгөн студенттердин буюмдарынын заманбап мода багыттары көрсөтүлдү.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын башынан бери ишкананын өндүрүш базасында Ош шаарындагы жана Ош облусундагы бир катар лицейлер жана колледждер үчүн дуалдык билим берүү системасы боюнча окуу-өндүрүштүк процесс уюштурулган.
“Кыргыз Текстиль” тигүү, трикотаж жана жип ийрүү өндүрүшүнөн баштап булгаары бут кийимдерин чыгарууга чейинки текстиль өндүрүшүнүн толук циклин көрсөткөн Кыргызстандагы биринчи фабрика.
Текстиль кластери жаңы өсүп жаткан технологияны жана сапатты камсыздоону колдонуу менен ата мекендик чийки затты ири көлөмдө өндүрүүнү стимулдаштырууга багытталган.
“Кыргыз Текстиль” эл аралык стандарттын талаптарына жооп берген, заманбап жабдуулар менен жабдылган жылына 2 миллион даана продукция чыгаруучу фабрика. Анда 3000 жумушчу орун түзүлгөн.
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов
Кайрылуулар
Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары
Муниципалдык кызматтардын базалык р…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...
Муниципалдык кызматтардын стандартт…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...
Фоторепортаждар
Видеорепортаждар
Сурамжылоо
Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?
Добуштардын саны:: 26