Бүгүн, 30-январь күнү Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаевдин жетекчилиги астында Ош шаарынын мэриясынын тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгынын 2022-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылды.
Иш-чаранын алкагында башкармалыктын башчысы Мирлан Исраилов өткөн жылдагы аткарылган иштер жана быйылкы жылдын пландары боюнча маалымат берди.
2022-жылы эл аралык мамилелерди өнүктүрүү, боордош шаарлар менен кызматташуу, эл аралык уюмдар жана фонддор менен өз ара аракеттенүү боюнча олуттуу аракеттер көрүлүп, туризм тармагын өнүктүрүүгө салым кошкону (туризмди өнүктүрүү концепциясы иштелип чыккан, шаардын бренди түзүлдү), санариптик технологияларды өнүктүрүү, шаардын геопортал системасын түзүүгө көңүл бурулду. Мындан тышкары, шаардын деталдуу пландоо долбоору боюнча иштерге, калаанын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча эл аралык каржы институттары менен иштөөгө кошкон салымы белгиленди.
Марс Исаев Тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгынын ар бир кызматкеринин эмгегин белгилеп, быйылкы жылы Ош шаарынын тургундарынын бакубат жашоосу үчүн бардык тармактарда ишти күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Тактап айтканда, инвестиция тартуу, боордоштук байланыштарды өнүктүрүү, жаңы өнөктөш шаарлар менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу, анын ичинде социалдык-экономикалык тармакта кызматташууну күчөтүү маанилүү экендиги белгиленди.
“2023-жылы сиздердин алдыңыздарда чоң милдеттер турат. Сиздерден биринчи кезекте туризм тармагын өнүктүрүү боюнча сунуштар күтүлүүдө, айрыкча туристтер үчүн тиешелүү шарттарды түзүүгө көңүл буруу керек. Ошондой эле шаардын инвестициялык потенциалын өнүктүрүү боюнча сунуштар жана демилгелер керек. Инвестициялык долбоорлор приоритеттүү болушу керектигин баса белгилегим келет. Потенциалдуу инвесторлорго Ош шаарынын социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануунун негизги артыкчылыктарын көрсөтүү маанилүү.
Шаардын өнүгүшү үчүн иштин натыйжасы маанилүү экенин дайыма эстен чыгарбоо керек. Мындан тышкары, башкармалыктын кызматкерлерине түзүлгөн шарттар жакшырарын баса белгилеп кетким келет”, - деди Марс Исаев.
Жыйындын жүрүшүндө М.Исаев быйылкы жылы Ош шаарында коммуналдык ишканалардын абоненттеринин бирдиктүү маалымат базасын түзүү иштери башталаарын, бул коммуналдык кызматтардын ишин оптималдаштырууга жана төлөмдөрдөн качкандар менен каршы күрөшүүгө мүмкүндүк берерин билдирди.
“Кошумчалай кетейин, санариптик технологияларды коомдук турмуштун бардык чөйрөсүнө киргизүү улантылат. Накталай эмес төлөм жүргүзүүгө басым жасоо керек. Буга байланыштуу быйылкы жылы шаардын муниципалдык ишканаларынын бирдиктүү абоненттик базасын түзүү пландалууда. “Ошшаарканал”, “Ош-Тазалык” сыяктуу кызматтар өзүн-өзү каржылай алышы керек, ошондуктан заманбап санариптик технологияларды киргизүүнү эске алуу менен бул багытта сунуштарды даярдоо зарыл”, - деп баса белгиледи биринчи вице-мэр.
Маалымат үчүн:
Жалпысынан, 2022-жыл ичинде башкармалык эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында 24 расмий жолугушууларды, 15 иш сапарларды, 8 бизнес форумдарды, эл аралык семинарларды жана башка иш-чараларды уюштурган.
Чет элдик өнөктөштөр менен кызматташуу максатында Ош шаары 24 чет элдик шаарлар менен достук мамилени түзүп, ар түрдүү тармактарда (21 боордош шаар, 3 өнөктөш шаар) кызматташат. Алар Россия Федерациясы, Түркия, Кытай, Корея, Казакстан жана Өзбекстан Республикаларынын шаарлары.