Материалы отфильтрованы по дате: Четверг, 09 Июнь 2022
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Материалы отфильтрованы по дате: Четверг, 09 Июнь 2022
2022-жыл – Ош шаарында тротуар жылы деп жарыяланганына ылайык, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тротуарларды куруу боюнча бекитилген планынын алкагында Б.Осмонов көчөсүнүн Абдыкадыров көчөсүнөн Нышанов атындагы мектепке чейинки аралыгына тротуар куруу иштери башталды.
Даярдык иштеринин алкагында учурда тротуарга тоскоолдук жараткан обьекттер алынып, анын ичинде “Динат” ресторанынын тосмолору да бузулууда.
Жасалуучу тротуардын узундугу 840 метр, туурасы 3 метрди түзөт. План боюнча иш июль айынын аягына чейин бүтүшү керек.
Жалпысынан быйыл Ош шаарында 38 көчөнүн боюндагы тротуарларды куруу жана реконструкциялоо иштери жүргүзүлөт.
Буга чейин Абакир уулу Төрөбек көчөсүнө (1150 метр), Аматов көчөсүнө (1000 метр), Төлөнов көчөсүнө (1600 метр) тротуарларды куруу иштери башталган.
Жарыяланган категория Жаңылыктар
Ош шаарынын прокуратурасынын өкүлдөрүнүн демилгеси менен бүгүн, 9-июнда Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаевдин, Мамлекеттик салык инспекциясынын, санэпид кызматкерлеринин, архитектура жана башка тиешелүү кызматтардын катышуусунда Ош шаарынын ишкерлери менен “Ишкерлердин укуктарын коргоо” темасында жыйын болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө ишкерлердин көйгөйлөрү, алардын аталган көзөмөлдөөчү органдар менен өз ара аракеттенүүсү көтөрүлдү. Биринчи вице-мэр М.Исаев ишкерлерге алардын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берүү үчүн бардык кызматтардын тыгыз өз ара аракеттенүү маселесине токтолуп, ошондой эле учурдагы салык мыйзамдарындагы өзгөртүүлөргө токтолду. Тактап айтканда, салык органдары өз ишмердүүлүгүн ачык жүргүзүүнү эске алуу менен заманбап контролдук-кассалык машиналарды ишке киргизүү боюнча маалыматтык иштерди кеңейтүүсү зарыл экендиги айтылды.
Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга ишкерлер менен тыгыз байланышта болуу жана алар менен маалыматтык-агартуу иштерин күчөтүү, анын ичинде ишкерлерди колдоого, алардын укуктарын коргоого өзгөчө көңүл буруу боюнча тапшырмалар берилди.
Жарыяланган категория Жаңылыктар
Бүгүн Ош шаарындагы мектептерди калаанын вице-мэрлери, шаардык кеңештин депутаттары, мэриянын бөлүм башчылары, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери кыдырышты.
Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев майрамдык иш-чаранын алкагында №14 К.Алтыбаев атындагы мектеп-гимназиясында болуп, жалпы бүтүрүүчүлөрдү мектепти аяктап жатканы менен куттуктады. Ал өз сөзүндө окуучулардын мындан аркы профессионалдык өсүүсүнүн негизги пайдубалы катары мектепте алган билимдин маанисин белгиледи.
Салтанаттын жүрүшүндө билим берүү тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн активдүү мугалимдерге шаардык мэриянын, шаардык билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамоталары тапшырылды. Мектептин коомдук иштерине жигердүү салым кошкон окуучулар, окууда өзгөчөлөнгөн окуучулар да Ардак грамоталар менен сыйланышты.
Ал эми Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова Алмалык айылындагы №25-орто мектептин бүтүрүүчүлөрүнө барып, балдарга мындан аркы жашоодо ийгиликтерди каалады. Аталган мектептин өзгөчөлөнгөн бүтүрүүчүлөрү, мыкты мугалимдери активдүү салымдары үчүн Ардак грамоталар жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.
Быйыл Ош шаарындагы мектептерди 8502 бүтүрүүчү аяктаса, анын 2388и 11-классты, 6114ү 9-классты бүтүргөндөр. Калаада бүгүнкү күндө жалпы 85 мектеп бар, анын 53ү мамлекеттик, 2си адистештирилген жана 30у жеке менчик.
Жарыяланган категория Жаңылыктар
8-июнда Түркиянын Стамбул шаарында Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун катышуусунда “Глобалдык соода коомдоштуктарынын ортосундагы кызматташтык жана өнөктөштүк: барган сайын санариптик дүйнөгө, барган сайын жашыл дүйнөгө карай” аттуу 25-Евразиялык экономикалык саммит өз ишин баштады.
Ош шаарынын мэри өз сөзүндө Алмаз Мамбетов эл аралык кызматташтыкты чыңдоонун жана соода-экономикалык байланыштарды, анын ичинде бир тууган шаарлар менен эл аралык өнөктөштөрдүн ортосундагы байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Атап айтканда, каржы сектору, кызмат көрсөтүүлөр жана санариптик экономика барган сайын маанилүү роль ойноп жаткан ири шаарлардын маанисинин өсүп жатканы белгиленди.
Мамбетов ошондой эле Ош шаарында соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү жана кеңейтүү, кичи жана орто бизнести колдоо, климаттын өзгөрүшү, жашыл экономикага өтүү боюнча аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берди.
"Бүгүнкү күндө климаттын өзгөрүшү планетанын глобалдык көйгөйлөрүнүн бирине айланды, анын чечилиши ар бирибизден көз каранды. Ош шаары экологияны сактоо жана жакшыртуу максатында акырындап жашыл экономикага өтүүнү чечти. Бул маселени практикалык ишке ашыруу үчүн биз ЕБРРдин “Жашыл шаарлар” глобалдык программасына кошулууну чечтик, анын алкагында коомдук электр автобустарын сатып алуу пландалууда, шаардагы жашыл зоналарды, сейил бактарды көбөйтүү боюнча чаралар көрүлүүдө”, - деди калаа башчы.
Ош шаарында туризм тармагын өнүктүрүү боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу өзүнчө айтылды.
“2021-жылы Ош шаарында өткөн биринчи эл аралык туристтик форумда эл аралык эксперттер Ош шаарын Улуу Жибек жолунун туристтик провайдери катары тааныган. Бул бизге байыркы шаарыбыздын мурунку улуулугун кайра жандандырууга мүмкүндүк берет жана чакан жана орто бизнести, инвестициялык долбоорлорду, жалпысынан жана региондун бүтүндөй экономикасын өнүктүрүүгө түрткү берет. Бул үчүн Ош шаарынын мэриясы өзүнүн туристтик брендин иштеп чыгып, аны эл аралык туризм рыногуна жайылтуу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатат”, - деп баса белгиледи А.Мамбетов.
Саммитке мамлекет жана өкмөт башчылары, Евразиянын ири мегаполистеринин жана шаарларынын администрацияларынын өкүлдөрү, экономисттер, илимпоздор жана искусство ишмерлери, ишкерлер, коомдук жана саясий ишмерлер, бир катар аналитикалык борборлордун жетекчилери, ошондой эле эл аралык жана областтык уюмдар катышууда.
Саммиттин жүрүшүндө бир катар орчундуу маселелер боюнча эки тараптуу талкуулар болду.
Жарыяланган категория Жаңылыктар

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Июнь 2022 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30      
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан…

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм…

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык муниципалдык ме...

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош шаарынын Асранкулов көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолду...

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашо…

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов курулуш иштер менен таанышты

Ош шаарынын Жапалак айылдык башкармалыгына караган Арек айыл...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });