Материалы отфильтрованы по дате: Четверг, 02 Июнь 2022
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Материалы отфильтрованы по дате: Четверг, 02 Июнь 2022
Бүгүн, 2-июнда Ош шаарынын борбордук стадионунда футбол боюнча “Мэрдин кубогу-2022” эл аралык турнири башталды. Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов катышуучу командаларга ийгилик каалап, боордош элдерди жакындаштырып, тажрыйба алмашууда спорттун маанисин арттыруу үчүн эл аралык турнирлерди өткөрүүнүн маанисин белгиледи.
Турнирге Кыргызстандын футболдук клубдары — Оштун “Алай”, Кочкор-Ата шаарынын “Нефтчи”, Өзбекстандын футболдук клубдары — Ташкенттин “Бунёдкор” жана Андижандын “Андижан” командалары катышууда.
Ачылыш оюнунда “Алай” (Ош) жана “Андижан” (Андижан) командалары беттешти. Беттештин жыйынтыгы 2:1 эсебинде "Алай" футболдук клубунун пайдасына чечилди.
Белгилей кетсек, турнирдин жобосу боюнча жарым финалдык беттештердин жеңүүчүлөрү баш байге үчүн ат салышса, жеңилгендер жооткотуучу финалда беттешет. Эртең борбордук стадиондо экинчи жарым финалдык оюнда “Нефтчи” (Кочкор-Ата) жана “Бунёдкор” (Ташкент) командалары беттешет.
Мелдештин уюштуруучулары — Ош шаарынын мэриясы, Кыргызстандын Профессионалдык футбол лигасы, Ош шаарынын жана Ош облусунун футбол ассоциациясы жана “Алай” футболдук клубу.
Бул турнирди жыл сайын өткөрүү пландалууда.
Жарыяланган категория Жаңылыктар
Бүгүн “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасынын автогаражынын базасында кичи футбол аянтчасы ачылды. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов катышып, тазалык кызматкерлеринин ден соолугун чыңдоо үчүн зарыл болгон социалдык шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Объекттин курулушунун тендердик баасы 3 миллион сомду түздү.
Жарыяланган категория Жаңылыктар
Ош шаарынын Озгур айылында фельдшердик-акушердик пункт ачылды.Ачылыш аземге Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, шаардык саламаттыкты сактоо тармагынын өкүлдөрү, аксакалдар, жергиликтүү тургундар катышты.
ФАПта дарылоо бөлмөсү, УЗИ кабинети, алгачкы жардам көрсөтүү, эмдөө бөлмөлөрү, гинекологиялык отургуч бар. Бул мекемеде 4 медицина кызматкери иштейт.
Жергиликтүү тургундар бул мекеменин өз айылында ачылганына ыраазычылыктарын билдиришти. Белгилей кетсек, Озгур айылында 4000ге жакын калк жашайт.
Жарыяланган категория Жаңылыктар
Бүгүн, 2-июнда “Алай” футбол клубунун президенти, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов “Мэрдин кубогу - 2022” футбол боюнча эл аралык турнирге катыша турган Өзбекстан Республикасынын “Бунёдкор” (Ташкент), Андижан (Андижан) жана “Алай” (Ош) футбол командаларынын башкы машыктыруучулары менен жолугушту.
Жолугушууда мэр аталган командалардын бул турнирге катышуусу күйөрмандар үчүн чоң майрам экенин белгилеп, турнирдин бардык катышуучуларына ийгилик каалады.
Өз кезегинде командалардын машыктыруучулары мэрге жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, келечекте да өлкөбүздө өтүүчү эл аралык клубдук мелдештерге катыша тургандыктарына ишеним билдиришти.
Жолугушууда Ош шаарынын футболчулары менен Өзбекстандын футболдук командаларынын ортосунда тажрыйба алмашуу, ошондой эле Ош шаардык стадионунун инфраструктурасын жакшыртуу, стадиондун электрондук таблолорун, жарыктандыруу системаларын жаңыртуу боюнча тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.
Жарыяланган категория Жаңылыктар

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Июнь 2022 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30      
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан…

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм…

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык муниципалдык ме...

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош шаарынын Асранкулов көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолду...

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашо…

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов курулуш иштер менен таанышты

Ош шаарынын Жапалак айылдык башкармалыгына караган Арек айыл...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });