Материалы отфильтрованы по дате: Пятница, 17 Июнь 2022
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Материалы отфильтрованы по дате: Пятница, 17 Июнь 2022
Бүгүн, 17-июнда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов муниципалдык кошо каржылоо программасынын алкагында аткарылып жаткан долбоорлорду текшерди.
Калаа башчысы Достук кичи районуна барып, №43, №72, №73, №74, №78, №80 көчөлөрдөгү канализацияларды орнотуу иштерин көрдү. Бул кичи райондо дагы үч көчөнүн боюна канализация системасын киргизүү пландалууда. Жалпысынан Достуктагы 100дөн ашык үйгө канализация түйүндөрү тартылат.
Мындан сырткары мэр Кулатов жана Төлөйкөн кичи райондорундагы үч көп кабаттуу үйдүн фасадын сырдоонун жыйынтыгын көрүп чыкты.
А.Мамбетов Ош шаарында биргелешип каржылоо программасын кеңейтип, жарандарга ар тараптан колдоо көрсөтүү керектигин баса белгиледи.
Кошумча каржылоо программасына катышуу үчүн Ош шаарынын тургундары жумуштун жалпы көлөмүнүн 50% чогултушу керек, калган сумманы Ош шаарынын мэриясы камсыздайт. Бул программага кичи райондордун инфраструктурасын жакшыртуучу бардык долбоорлор (жолдорду асфальттоо, балдар аянтчаларын куруу, канализация жана ирригациялык тармактарды реконструкциялоо), көп кабаттуу үйлөрдүн фасаддарын сырдоо, чатырларды, жылуулук тармактарын оңдоо, домофондорду, кире бериш эшиктерди орнотуу кирет.
Бул жылы жергиликтүү бюджеттен кошумча каржылоо программасынын долбоорлоруна 25 миллион сомго жакын каражат каралган. Бүгүнкү күндө 6 миллион сомдук долбоорлор ишке ашты.
Белгилей кетсек, Шакиров №275/4, Кара-Суу №6, Кулатов №19, Төлөйкөн №1 А,Б даректериндеги үйлөрдүн сырткы көрүнүшү жакшыртылды; Жим №5, Ленин №341, Достук №78, №80 аймактарында канализация иштери жүрдү; Бекбалаев №34, Ленин №341, Кулатов №13, №16, Курманжан-Датка №213 аймактарына суу түтүктөрү тартылды; Масалиев №98 көп кабаттуу үйүнүн чатырын жана подъезддерин оңдоо иштери башталды.
Жарыяланган категория Жаңылыктар

Бүгүн, 17-июнда Ош шаарындагы жогорку жана орто окуу жайлардын жетекчилиги тарабынан сунушталган алдыңкы студент жаштардын ата-энелерине жана окуган мектебине Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун атынан ыраазычылык баракчалары тапшырылды. Иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы М.Закиров жана жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Ж.Жусупбеков катышты.

Жалпысынан шаарда билим алган 100 студентке ыраазычылык баракча тапшырылды.
Жарыяланган категория Жаңылыктар
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов тарабынан бекитилген иш-планга ылайык, калаада тротуарларды куруу жана реконструкциялоо иштери активдүү жүрүүдө. Кечээ Алиев жана Аматов көчөлөрүндөгү (Ленин жана Мамыров көчөлөрүнүн кесилишинен баштап) жолдун эки тарабындагы тротуарларды реконструкциялоо иштери башталган.
Анын жалпы узундугу 360 метр, туурасы 2,3 метр. План боюнча бул тротуарларды реконструкциялоо иштери ушул жылдын 2-кварталынын аягында бүткөрүлөт.
Жарыяланган категория Жаңылыктар
Бүгүн, 17-июнда Ош шаарынын Туран муниципалдык аймактык башкармалыгынын Достук кичи районунда муниципалдык ипотекалык программанын алкагында курулган биринчи көп кабаттуу үй пайдаланууга берилди.
Үйлөрдү тапшыруу иш-чарасына Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, депутаттар, ипотекалык турак жайларды бөлүштүрүү боюнча шаардык комиссиянын мүчөлөрү жана калаа тургундары катышты.
Мэр өз сөзүндө эгемендүүлүк жылдарында биринчи жолу муниципалдык ипотекалык программаны ишке ашыруунун алкагында жарандар ипотекалык негизде турак жай алып жаткан иш-чаранын маанилүүлүгүн белгиледи.
“Бүгүнкү күн тарыхта калат. Курулуштун мөөнөтү 18 ай болгонуна карабай, курулуш иштерин “Элит Строй Сити” ЖЧКсы 1 жылда бүткөрүп, бүгүн анын ээлери 9 кабаттуу 90 батирлүү үйгө көчүп киришет. Батирлер толугу менен пайдаланууга даяр, бөлмөлөрдүн ички жасалгасы жасалып, бардык инженердик коммуникацияларга туташтырылган, газ плиталары, раковиналар, жуунучу бөлмөлөр менен камсыздалган”, - деп белгиледи мэр.
Ошондой эле, дагы эки көп кабаттуу үйдүн курулуш иштери аяктап жатканы, алар дагы муниципалдык ипотекалык программанын алкагында Курманжан-Датка көчөсүндөгү 80 батирлүү жана Көкүмбий көчөсүндөгү 45 батирлүү үйлөрдүн пайдаланууга берилээри айтылды.
“Жалпысынан муниципалдык ипотекалык программанын алкагында Ош шаардык мэриясы тарабынан 215 үй-бүлө турак-жай менен камсыз болот. Мындан сырткары, шаардыктардын жашоо шартын жакшыртуу максатында Ош шаарынын мэриясы тарабынан “Үлүштүк курулуш” долбоору ишке ашырылат. Бул долбоордун алкагында Набережная жана Тилеке Баатыр көчөлөрүнүн боюна көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу башталды. Бул программа шаардын бардык иштеп жаткан тургундарына ыңгайлуу турак жайга ээ болууга мүмкүндүк берет, ошондой эле шаарыбызда турак-жайга туруктуу бааны кармап турууга көмөктөшөт”, - деди А.Мамбетов.
Иш-чаранын алкагында ипотекалык турак-жай курулушунун долбоорлору менен таанышуу, ошондой эле биринчи ипотекалык үйдүн бактылуу ээлерине батирлердин ачкычтарын тапшыруу аземи болуп өттү. Муниципалдык ипотекалык программаны ишке ашырууга кошкон салымы үчүн курулуш компаниясынын жана муниципалдык ипотекалык компаниянын бир катар кызматкерлери Ош шаарынын мэриясынын жана шаардык кеңештин Ардак грамоталары менен сыйланышты. Андан ары үйдүн ички инфраструктурасы, батирлердин макети менен таанышуу болду.
Жарыяланган категория Жаңылыктар

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Июнь 2022 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30      
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан…

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм…

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык муниципалдык ме...

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош шаарынын Асранкулов көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолду...

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашо…

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов курулуш иштер менен таанышты

Ош шаарынын Жапалак айылдык башкармалыгына караган Арек айыл...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });