Материалы отфильтрованы по дате: Пятница, 10 Июнь 2022
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Материалы отфильтрованы по дате: Пятница, 10 Июнь 2022

Бүгүн, 10-июнда Ош шаарынын делегациясынын Түркия Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Маниса шаарынын мэри Женгиз Эргүн менен жолугушту.

А.Мамбетов өз сөзүндө Ош шаарында Борбордук Азиядагы экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү, анын ичинде туризмди, маданияттар аралык кызматташтыкты, эл аралык долбоорлорду жана программаларды өнүктүрүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Ага улай мындан ары да көп кылымдык тарыхы, тили, дини, маданияты, өнүгүү максаттары бар бир тууган шаар эли менен мамилеси, кызматташуусу бекемделишине ишеним билдирди.
“Ош шаарынын мэриясы Маниса шаарынан келген инвесторлорду, ишкерлерди, бизнесмендерди колдоого жана шарттарды түзүүгө ар дайым даяр. Мен сиздердин шаардагы бизнес чөйрөлөрүн Ошко инвестиция салууга чакырам. Меймандос шаарыбыздын эшиги сиздер үчүн ар дайым ачык. Сиздерди 5-октябрь Ош шаарынын күнүнө арналган майрамдык иш-чараларга катышып, биздин сыйлуу коногубуз болууга чакырам”, - деди А.Мамбетов.
Жолугушуунун жыйынтыгында 2022-2025-жылдарга эки боордош шаар – Ош жана Маниса шаарларынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча программанын протоколуна кол коюлду. Мындан тышкары мэр муниципалдык кызматтардын тажрыйба алмашуусу, эки шаардын тургундарынын ортосунда маданий кызматташтыкты жолго коюу, маданият жана спорт тармагында кызматташуу боюнча иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүүгө чакырды. Тактап айтканда, “Алай” футбол клубунун катышуусунда футбол боюнча жолдоштук турнирлерди уюштуруу сунушталды.
Өз кезегинде Женгиз Эргүн эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даяр экенин билдирди.
Жыйынга Ош шаардык кеңешинин депутаттары Замир Толубаев, Эсен Арзиев, Ош ШИИБ башчысы Акылбек Мамасейитов, МАБ башчылары, шаардын муниципалдык коммуналдык ишканалардын жетекчилери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Маниса шаарынын коммуналдык кызматтарынын, анын ичинде суу чарба, таштандыларды кайра иштетүүчү ишканалардын иши менен таанышуу жүрдү.
Жарыяланган категория Жаңылыктар
Ош шаарынын мэриясынын алдындагы Мамлекеттик тил комиссиясы тарабынан Ош шаарындагы жарнак объектилеринин, көрнөк-жарнактар, баннерлердин абалын текшерүү боюнча рейддер улантылууда.
Бүгүн “Туран” МАБда рейд өтүп, анда 50гө жакын объектилер текшерилип, анын жарымынан көбүндө “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын одоно бузулушу аныкталган. Мындан улам мыйзамсыз орнотулган жарнамалык белгилер алынып салынды.
Рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө шаардын сырткы келбетин тийиштүү түрдө сактоого, ишкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Текшерүүнүн алкагында жарнак объекттерин колдонуу үчүн мыйзамдарга ылайык келтирүү зарылдыгы боюнча да 10дон ашык көрсөтмөлөр берилди.
Иш-чаралар Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасынын негизинде өткөрүлүп, шаардын бардык муниципалдык аймактык башкармалыктарында улантуу пландалган.
Бардык ишкерлерди жарнак белгилерин колдонууда мыйзамдарга ылайык келтирүүнү суранабыз!
Жарыяланган категория Жаңылыктар
Ош шаарында 2010-жылдагы каргашалуу июнь окуясында каза болгондорду эскерүү өттү. Иш-чаранын алкагында митинг-реквием өтүп, анда “Энелердин көз жашы” мемориалдык комплексине гүл коюлуп, маркумдарды бир мүнөт аза күтүү менен эскеришти.
Иш-чарага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, каргашалуу июнь окуясында каза болгондордун үй-бүлөлөрү жана жакындары катышты.
“Элибиз эзелтеден биримдикти, ынтымакты жогору баалап келген. Өлкөбүздө ар дайым тынчтык болсун. Ош шаарынын мэриясы июнь коогалаңында каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана дайынсыз жоголгондорго ар дайым колдоо көрсөтүүгө даяр”, - деп белгиледи биринчи вице-мэр.
Жарыяланган категория Жаңылыктар

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Июнь 2022 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30      
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан…

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм…

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык муниципалдык ме...

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош шаарынын Асранкулов көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолду...

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашо…

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов курулуш иштер менен таанышты

Ош шаарынын Жапалак айылдык башкармалыгына караган Арек айыл...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });