Ош шаарында үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүн жана эскерүү үрп-адаттарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында Ош шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 16-мартында №69 токтому менен иш-чаралар планы, курамы 36 кызматкерден турган жумушчу комиссиянын мүчөлөрү бекитилип, жумушчу комиссия тарабынан убактылуу Жобо иштелип чыкты.
Убактылуу Жобону калкка жеткирүү максатында Ош шаарынын мэриясы тарабынан муниципалдык аймактык башкармалыктарында атайын жыйындар бекитилген графиктин негизинде 2022-жылдын 4-мартынын 25-мартына чейин өткөрүлдү.
Мерчемделип өткөрүлгөн жыйындар Ош шаарынын вице-мэринин, муниципалдык аймактык башкармалыктардын, кварталдык жана үй комитеттердин башчыларынын, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактын бөлүмүнүн башкы адисинин, Кыргызстан Элинин Ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнүн улуттук маданий борборлорунун, укук коргоо органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын, жогорку, атайын орто жана орто окуу жайлардын жетекчилеринин, шаардын казысынын, казыяттын имамдарынын, мэриянын алдындагы Коомдук кабылдаманын жооптуу катчысынын, аксакалдар жана аялдар кеңештеринин төрагаларынын катышуусунда уюштурулду.
Жыйындардын алкагында тийиштүү тармактардын баяндамалары угулуп, көрсөтүлгөн жаатта кызыктар тараптарга милдеттер жүктөлдү.
Өткөрүлгөн иш-чаралар жергиликтүү массалык-маалымат каражаттары аркылуу чагылдырылып, мэрия тарабынан аткарылып жаткан жана аткарыла турган жумуштар жөнүндө жергиликтүү коомчулукка жеткирилип жатат. Андан сырткары, 2022-жылдын 1-2-мартында “ЭлТР”, “Ынтымак” жана “ОшТВ” телеканалдарында Ош шаарынын вице-мэринин, мэриянын жооптуу кызматкеринин, диний уюмдун жана жаш активисттердин өкүлдөрүнүн катышуусунда телеберүүлөр уюштурулуп, аталган Жарлыктын максаты жана маңызы жөнүндө кеңири баяндамалар берилди.
Муниципалдык аймактык башкармалыктарында өткөрүлгөн жыйындарда келип түшкөн сунуштар убактылуу Жобого киргизилип, Жобону шаардык Кеңештин депутаттарынын кароосуна 2022-жылдын 29-мартында жөнөтүлдү.
Ош шаарынын мэриясы
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов
Кайрылуулар
Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары
Муниципалдык кызматтардын базалык р…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...
Муниципалдык кызматтардын стандартт…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...
Фоторепортаждар
Видеорепортаждар
Сурамжылоо
Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?
Добуштардын саны:: 26