Материалы отфильтрованы по дате: Вторник, 18 Январь 2022
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Материалы отфильтрованы по дате: Вторник, 18 Январь 2022

Бүгүн, 18-январда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушту.

Жолугушууда жарандар бул аймактын инфраструктурасын өнүктүрүү, ички жолдордун сапаты, тротуар, үйлөрдөгү жылуулук системасын жакшыртуу, балдар аянтчаларын куруу, социалдык көмөк, үй башчыларынын иши, жүк ташуучу унаалардын мыйзамсыз токтотулушу, көп кабаттуу үйлөрдүн жана таштанды контейнерлеринин айланасына видео байкоо орнотуу, экологиялык абал жана таштандыны туура эмес жайга таштагандардын жоопкерчилик маселелерин көтөрүштү.
Шаар мэри жооптуу жетекчилерге кайрылууларды чечүү боюнча жеринде тапшырмаларды берди.
Ага улай Алмаз Мамбетов муниципалитеттин быйылкы жылга карата негизги багыттарын жергиликтүүлөргө айтып берди:
- Бул жылы тротуарларды реконструкциялоого жана курууга өзгөчө көңүл бурулат. Бул багыттагы жумуштар борбордук көчөлөрдөн башталып, калган аймактарда да улантылат.
- Биргелешип каржылоо долбоорлорунун бюджети 15 млн. сомдон 30 млн. сомго көбөйөт. Бул көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларынын бир топ көйгөйлөрүн чечет.
- Көп кабаттуу үйлөрдүн айланасын тазалоо үчүн кошумча жумушчуларды алуу маселеси каралууда. Бул калк менен макулдашылып, шаардык кеңештин депутаттарынын кароосуна коюлат.
- Жарандардан түшкөн кайрылууларга ылайык тиешелүү кызматтардан күбөлүк, уруксат кагазын оңой алуу үчүн муниципалдык имарат куруу пландалууда. Тагыраагы кагаз иштеринде жашоочуларга кыйынчылык жаралбашы үчүн шаардык кызматтар, ишканалардын өкүлдөрүн бир имаратка чогултуп, бирдиктүү борбор түзүү демилгеси бар.
Жарыяланган категория Жаңылыктар

Бүгүн, 18-январь күнү «Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасы жыл жыйынтыгын чыгарды. Ага ишкананын жетекчиси Бекмурза Эргешов, Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү жана чарба бөлүмүнүн башчысы Урали Романов катышты.

Иш-чарада ишкананын 2021-жылы аткарылган иштери, жетишкендиктери, кемчиликтери тууралуу айтылып, Бекмурза Эргешов 2021-жылы жүзөгө ашырылган жумуштарга токтолду:
1. "Жылуулук камсыздоо" ишканасынын отказандарында жана электр энергия тармагында иштеген кызматкерлердин айлык маянасы жогорулады;
2. Отказандарда иштеген кызматкерлер "Дэу Лабо" үлгүсүндөгү 6 унаа менен камсыз болушту;
3. Ишкананын балансындагы бардык отказандар оңдоо-түзөө иштеринен өтүп, Батыш кичи районуна кошумча 2 отказан коюлду;
4. Үйдүн ички тутумдары (ҮИТ) программасы жакын арада ишке кирүү астында турат;
5. Көмүр менен иштеген 22 отканага 86 даана видео байкоолор сатып алынып, орнотуу боюнча тендер жарыяланды.
Алдыда дагы бир топ приориеттүү долбоорлор бар экени белгиленди.
Жарыяланган категория Жаңылыктар

Бул тууралуу бүгүн, 18-январда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен болгон жолугушууда билдирди. Жарандар тарабынан келип түшкөн кайрылууларды эске алуу менен мэр бюджет бекитилгенге чейин шаардыктар менен жолугушууларды өткөрүүдө.

“Жарандардын бардык кайрылуулары каралат. Бир катар суроо-талаптар боюнча жеринде тиешелүү тармактардын жетекчилерине тапшырмалар берилди. Калктын тынымсыз кайрылууларына ылайык биз тротуарларды, арыктарды курууга жана оңдоп-түзөөгө өзгөчө көңүл бурабыз. Бул иш биринчи кезекте чечүүнү талап кылып турган борбордук көчөлөрдөн башталат. Мындан тышкары быйылкы жылы биргелешип каржылоо долбоорлорунун санын көбөйтүү аракетин көрөбүз. Өткөн жылы буга 15 млн. сом каралса, быйыл 30 млн. сом бөлүнөт”, - деди мэр.
Алмаз Мамбетов биргелешип каржылоо долбоорлору менен шаар тургундарынын бир топ көйгөйлөрүн чечүүгө болоорун белгиледи. Атап айтканда, көп кабаттуу үйлөрдүн айланасын жакшыртуу, чатырларды жана подъезддерди оңдоо, суу менен камсыздоо жана канализация системаларын реконструкциялоо, балдар аянтчаларын куруу жана башка проблемаларды жөнгө салууга болот. Бул иштерди каржылоого аткаруу бийлигинен 50%, жергиликтүү элден 50% каражат чогултулат.
Жыйындын алкагында “Сулайман-Тоо” МАБынын 2021-жылда аткарган иштеринин жыйынтыгы жана бул жылга планы тууралуу маалымат берилди. Жолугушууда инфраструктуралык жана коммуналдык маселелерди мэрге айтышты. Анын ичинде ички жолдордун абалы, мыйзамсыз обьекттер, унаа токтотуучу жайлар, көп кабаттуу үйлөргө домофондорду орнотуу жана таштанды контейнерлерин коюу, жөлөк пул алуу, электр энергиясы жана газ менен камсыздоодогу көйгөйлөр көтөрүлдү.
Жарыяланган категория Жаңылыктар

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Январь 2022 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан…

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм…

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык муниципалдык ме...

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош шаарынын Асранкулов көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолду...

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашо…

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов курулуш иштер менен таанышты

Ош шаарынын Жапалак айылдык башкармалыгына караган Арек айыл...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });