Материалы отфильтрованы по дате: Вторник, 31 Август 2021
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Материалы отфильтрованы по дате: Вторник, 31 Август 2021
31-август күнү Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 30 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралардын алкагында Түрк Кеңешинин Жаш лидерлеринин үчүнчү форуму өтүүдө. Ага Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан жана Кыргызстандын аймактарынан келген 50дөн ашык жаш делегаттар катышты.
Форумдун максаты-региондорду өнүктүрүү жана жаштар саясатынын алкагында тажрыйба алмашуу, шаардын потенциалын өнүктүрүүгө кошумча дем берүү, түрк тилдүү элдердин ортосундагы боордоштук жана достук мамилени чыңдоо болуп саналат.
Форумдун делегаттары шаардын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоонун 30 жылдыгына карата уюштурулган майрамдык салтанатка катышты.
Эртең, Иш -чаранын алкагында Түрк Кеңешинин өлкөлөрүндөгү активдүү жаштардын ишмердүүлүгү туурасында илимий жана практикалык конференциялар, эркин темалар боюнча жолугушуулар, тегерек столдор уюштурулат.
Жарыяланган категория Тарых жана маданият

31-август Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара гала концерт менен жыйынтыкталды. Ага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Акжол Махмудов, спортчулар жана шаар тургундары катышты.

Калаа башчысы Алмаз Мамбетов кыргызстандыктарды куттуктап, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуу негизги милдет экендигин кошумчалады.
Майрамдык концерт белгилүү ырчылардын, эстрада жылдыздарынын коштоосундагы концерт менен уланып, фейрверк менен жыйынтыкталды. 
Жарыяланган категория Тарых жана маданият

Ош шаарында Эгемендүүлүк 30 жылдыгына арналган гала-концерттин алкагында шаар башчысы Алмаз Мамбетов Олимпиада оюндарына токтолуп, ар бир спортчуга ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле, майрамдык иш-чаранын коногу, Токио-2020 оюндарында күмүш медаль уткан Акжол Махмудовго жана анын машыктыруучуларына 200 миң сом акчалай сыйлыктын сертификатын тапшырды. Мындан тышкары, 2 бөлмөлүү батирдин сертификаты менен сыйлады.
Майрамдык иш-чаранын алкагында спорттун өнүгүшүнө салым кошуп, Акжол Махмудов сыяктуу спортчуларды машыктырган машыктыруучуларга Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы тапшырылды.
Жарыяланган категория Жаңылыктар

Бүгүн, 31 -августта Ош шаарынын борбордук аянтында өлкөнүн Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган майрамдык концерт, улуу инсандардын тарых-таржымалы камтылган театралдаштырылган оюн-зоок шаар тургундарына жана келген конокторго тартууланды.

Майрамдык салтанатка Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, легендарлуу парламенттин депутаттары, коомдук-саясий ишмерлер, достук мамиледеги шаарларлан келген делегаттар, түрк тилдүү мамлекеттерден келген жаш лидерлер, шаар тургундары жана коноктору катышты.
Министрлер кабинетинин төрагасы өз сөзүндө 31-август кыргызстандыктар үчүн негизги майрам экендигин белгилеп, КРнын Президенти Садыр Жапаровдун, министрлер кабинетинин эмгек жамаатынын атынан шаар тургундарын жана меймандарын куттуктады.
«Эгемендүүлүктү алуу жана бекемдөө жолунда өлкөбүз көп нерсени баштан өткөрдү. Жыйынтыкка жетиш үчүн өзүнүн күжүрмөн эмгегин, тажрыйбасын, билимин жумшаган аталарга, бабаларга, легендарлуу парламенттин депутаттарына, саясий курч көз караштагы коомдук ишмерлерибизге таазим. Мамлекеттин келечеги коркунучта турган убакта, биздин эркиндикти сүйгөн элибиз биримдиктин жана чыдамкайлыктын аркасында саясий жана экономикалык кыйынчылыктарды баштан кечирди. Жыйынтыгында эркиндикке жетип, көз карандысыз мамлекет болуп калдык. Тынчтыктын жана ынтымактын желеги желбиреп, мекенибизде өнүгүү болсун. Биримдите бийиктиктерге жетип, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошолу»,-деди У. Марипов.
Министрлер кабинетинин төрагасы бүгүнкү күндө өлкө чыныгы демократия жана стабилдүү социалдык-экономикалык өнүгүү жолунда экенин, анын аркасында көптөгөн оң өзгөрүүлөргө бар экендигин кошумчалады.
Ал эми Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов өлкөнүн эмегендүүлүгүн бекемдеп, жарандардын жакшы жашоосу үчүн биргеликте аракет көрөлү деп айтып, эркин өлкөдө, тынчтыктын желеги түбөлүк желбиреп, ар бир үйдө ынтымак жана достук болсун деген тилегин билдирди.
Борбордук аянттагы салтанат кыргыз эл артистери Саламат Садыкова, Керим Турапов, эстрада жылдыздары Гулнур Сатылганова, Арсен, Венера Назаралиева, Айпери Кулбаева? Темир Назаровдун катышуусунда концерт тартууланды. С.Ибраимов атындагы кыргыз улуттук драма театрынын артистеринин катышуусунда Кубат бий менен Ажы бийдин диалогу, кыргыз Каганатынын түптөлүшүндөгү Бакай атанын образы, Алымбек Датка, Курманжан Датканын театралдык көрүнүшү, Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына арналган көрүнүш, Касым Тыныстановдун жана Исках Раззаковдун өмүр жолу боюнча театралдык көрүнүштөр көрсөтүлдү. Ошондой эле, маданият башкармалыгы, шаардагы чыгармачыл коллективдер, бий топторунун коштоосунда өттү.
Белгилей кетсек, Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган гала-концерт кечки саат 19:00до башталат. Майрамдык иш-чара фейрверк менен жыйынтыкталат.
Жарыяланган категория Тарых жана маданият

Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын жана жеке өзүмдүн атымдан жалпыңыздарды өлкөнүн Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Эркиндик — ата-бабалардын каны менен кошо айланып, жаны менен кошо жашаган, муундан муунга жеткен улуу дөөлөт. Бирок, эркиндикти сүйгөн кыргыз жүрөгүндө, эгемендик деген үмүт өчпөй, эркиндик деген эңсөө жашап келди.
Отуз жыл мурда жеткен Көз карандысыздык — Жараткандын буйругу менен азыркы муундун энчисине, биздин заманга туш келди.
Биздин негизги максатыбыз элдин биримдигин жана ынтымагын, мамлекеттин жана анын экономикасынын коопсуздугун сактоо жана бекемдөө болуп саналат.
Өзүңүздөргө маалым болгондой, 26-август күнү Ош шаарынын мэри болуп шайландым. Алдыда чоң максаттарды ишке ашырууга бел байлап, мамлекеттин, анын ичинде Ош шаарын өнүктүрүүгө болгон салымымды кошуу маскатын алдыга койдум.
Шаардыктар башка ири шаарлардагыдай эле шаардын социалдык-экономикалык, маданий, экологиялык абалына жогорку талаптарды коюп келишет. Ал талаптарды аткаруу үчүн Ош шаарынын мэриясы шаардын бардык тургундары, коноктору үчүн коопсуз, ыңгайлуу жана жагымдуу шаар болушу үчүн системалуу жана максаттуу иш алып барыш керек деп эсептеймин.
Бул максаттарга жетүүгө бийлик органдары менен шаар тургундарынын аракеттерин бир багытка буруу менен гана жетүүгө болот. Ош шаарынын мэриясы шаар тургундары менен конструктивдүү диалогго эле даяр болбостон, шаарды өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоого калктын катышуусун камсыз кылууга шарт түзүп жатат.
Жогорудагылардын негизинде 2021-2024-жылдарга Ош шаарынын социалдык - экономикалык өнүгүү программасынын долбоорун даярдап жатабыз. Программа - “Келечек урпактарга татыктуу шаар” деп аталат. Себеби, биз аткарып жаткан ар бир иш аракетибиз келечек муун, жаштар үчүн.
Биз азыр баарыбыз биригип, өлкөнүн эмегендүүлүгүн бекемдеп, жарандардын жакшы жашоосу үчүн биргеликте аракеттенишибиз зарыл.
Эркин өлкөбүздө – эркин эл болуп жашайлы. Тынчтыктын желеги түбөлүк желбиреп, ар бир үйдө ынтымак жана достук болсун. Ар бириңиздерге ден соолук каалайм.
Жалпыңыздарды, дагы бир ирет майрамыңыздар менен куттуктайм!
Жарыяланган категория Жаңылыктар

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Август 2021 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

Учурда Ош шаарынын туристтик бренди туризм тармагындагы абро...

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан…

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм…

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык муниципалдык ме...

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош шаарынын Асранкулов көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолду...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });