Бүгүн, 21-август күнү Ош шаарынын баардык кичи райондорунда Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата даярдык көрүү максатында жалпы ишембилик болуп өттү. Өткөрүлгөн жалпы шаардык ишембиликке Ош шаарындагы мекеме-ишканалар, муниципалдык аймактык башкармалыктардын эмгек жамааттары менен жалпысынан болуп 21941 дөн ашуун кызматкерлер жана шаар тургундары катышышты.
Жалпы ишембиликке шаардын борбордук жана ички көчөлөрүндө жайгашкан жеке менчик, соода-түйүндөр активдүү катышышкан жок.
Ишембилик учурунда чогултулган 1500 куб таштандыларды «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын атайын техникаларынын жардамы менен ташылып чыгарылып жатат. Ал эми “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын атайын техникалары менен арыктардан чыгарылган ылай, топурактар ташылып чыгарылууда.
Эртең, 22-август күнү жалпы ишембилик уланат. Баарыңыздарды активдүү катышууга чакырабыз.