Бүгүн, 2-июлда Ош шаарында медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата майрамдык иш-чара өткөрүлдү.
Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, Ош шаарынын саламаттыкты сактоо боюнча координатору Кыялбек Ташполотов, шаардык оорукананын жана анын филиалдарынын жетекчилери жана кызматкерлери, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун кызматкерлери катышты.
Т.Сарыбашов өзүнүн куттуктоо сөзүндө медицина кызматкерлеринин шаардагы саламаттыкты сактоону өнүктүрүүгө кошкон салымын, кызыл зоналардагы кызматкерлердин коронавирус жана пневмония менен ооруган бейтаптарды көрсөткөн жардамдарына токтолду.
«Пандемия мезгилинде мен коронавирус инфекциясына жана анын кесепеттерине каршы күрөшкөн фронттогу жоокерлер сыяктуу эле биздин дарыгерлер оорубасын деп тиледим. Ош шаардык мэриясы ар дайым дарыгерлерди колдоого жана аларга тиешелүү шарттарды түзүп берүүгө аракет кылып келет. Азыркы учурда биз эки максатка - медициналык кызматкерлерге эмгек шарттарын камсыз кылуу жана саламаттыкты сактоонун жаш адистерин окутууга артыкчылык беребиз. Шаардык мэрия Россиядагы жана Түркиядагы жаш дарыгерлердин квалификациясын жогорулатууга жана тажрыйба алмашууга көмөктөшүүгө даяр », - деп билдирди мэр.
Иш-чаранын жүрүшүндө медицинанын алдыңкы кызматкерлерине жана ардагерлерине Т.Сарыбашов Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамота, акчалай сыйлыктарын тапшырды. Мындан тышкары, шаардык саламаттыкты сактоо кызматы өзгөчөлөнгөн медицина кызматкерлерине Ардак грамота жана "Саламаттыкты сактоо ардактуу кызматкери" наамы менен сыйлашты.
Белгилей кетсек, Ош шаарында 6 миңге жакын медициналык кызматкерлер бар. Алардын ичинен 120 адис кызыл зонада күнү-түнү иштешет.
Медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы жыл сайын июль айынын биринчи жекшембисинде белгиленет.