Материалы отфильтрованы по дате: Четверг, 09 Декабрь 2021
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Материалы отфильтрованы по дате: Четверг, 09 Декабрь 2021
Четверг, 09 Декабрь 2021 21:14

Кичи автобустарга рейд жүргүзүлдү

Ош шаарында кичи автобустардын кечки саат 19:00дөн кийинки каттоосун көзөмөлгө алуу үчүн рейд жүрдү. Бүгүн вице-мэр Сонунбек Жунусбаев жана тийиштүү тармактардын жетекчилери биргеликте коомдук транспорттор токтоочу аялдамаларга барып, кичи автобустардын каттамын текшерүүгө алды. Анда интервалда белгиленген убакыт сакталып жатканына байкоо салынды.

Бүгүнтөн башталган рейд бир ай бою улантылат. Анда кечкисин да линияга чыгуу талабына макул болгон ЖЧКларга көзөмөл жүрөт. Кечки 21:00гө чейин айдоочуларды камсыз кыла албаган ЖЧК менен түзүлгөн келишим бузулат.
Эскерте кетсек, 1-декабрдан баштап кичи автобустарга болгон тариф көтөрүлгөн болчу. Бирок шаардыктар тарабынан кечкисин айдоочулар жүргүнчү ташыбай жатат деген нааразычылыктар айтылып келген. Шаар мэриясы бул маселени чечүү аракетин көрүүдө.
Жарыяланган категория Жаңылыктар

Ош шаарында биринчи жолу 7-9-декабрь күндөрү өткөн "Достук кубогу 2021" эл аралык турниринде Ош шаарынын футболчулары жеңүүчү болду. Өспүрүмдөр арасында уюштурулган мелдешке Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан жалпы 8 команда катышты.

Турнирдин жыйынтыгы менен жеңүүчү аталгандар:
1-орун - Ош шаарынын командасы;
2-орун - Фергана шаарынын командасы (Өзбекстан);
3-орун - Караганда шаарынын командасы (Казакстан) жана Жалал-Абад шаарынын командасы.
Жеңүүчүлөр медаль, кубок жана баалуу белектер менен сыйланышты.
Жарыяланган категория Жаңылыктар
Бүгүн, 9-декабрда жазуучу, журналист, адабиятчы, илимпоз Ризван Исмаилованын "Үнү каткан улар" аттуу көркөм-даректүү баянынын бет ачары болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэриясынын, улуттук жазуучулар союзунун өкүлдөрү, адабиятчылар, жазуучулар жана Р.Исмаилованын жакындары катышты.
Чыгармачыл кечеде Р.Исмаиловага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун куттуктоо баракчасы тапшырылды.
Ошондой эле көркөм адабияттын өнүгүүсүнө, калктын руханий дөөлөтүн арттырууга кошкон салымы жана ак ниет эмгеги үчүн 12-декабрь - Улуттук адабият күнүнө карата бир катар чыгармачыл инсандар Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйланышты._мэрия
Жарыяланган категория Жаңылыктар

Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында мыйзамсыз курулган үйлөргө техникалык паспорттор даярдалып жатат. Бул багыттагы президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын ишке ашыруу үчүн шаар мэриясы тийиштүү аракеттерин баштаган.

Аталган аймакта жалпы 146 гектар жерге өз алдынча жарандар тарабынан 800гө жакын мыйзамсыз үйлөр курулган. Учурда ар бир айылда мобилдик топтор түзүлүп, документтер даярдалууда.
Үйлөргө идентификациялык код, дарек берилип, мындан кийин тургундардын каттоого туруусуна жана турак-жайларын мыйзамдаштырууга жол ачылат.
Жарыяланган категория Жаңылыктар

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Декабрь 2021 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан…

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм…

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык муниципалдык ме...

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош шаарынын Асранкулов көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолду...

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашо…

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов курулуш иштер менен таанышты

Ош шаарынын Жапалак айылдык башкармалыгына караган Арек айыл...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });