Материалы отфильтрованы по дате: Среда, 08 Декабрь 2021
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Материалы отфильтрованы по дате: Среда, 08 Декабрь 2021

Бүгүн, 8-декабрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жетекчиси Алексей Рогов менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташууну бекемдөө багытында талкуулап, мигранттардын укугу, коопсуздугу маселелери көтөрүлдү.

Мэр Алмаз Мамбетов Ош шаарында туризм тармагын өнүктүрүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканын айтып, атайын иштелип чыккан Ош шаарынын брендин 17-декабрда презентациялоо пландалып жатканын белгиледи.
Алексей Рогов бул иш-чарага катышуу ниетин билдирип, эки тарап кызматташтыкты өнүктүрүү келишимине келди.
Жарыяланган категория Жаңылыктар

Бүгүн, 8-декабрда Ош шаарында 2022-жылы эл жана турак-жай фондун каттоо боюнча мэриянын комиссиясынын отуруму өттү. Ага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, шаардык мамлекеттик статистика башкармалыгынын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын, күч органдарынын жана тийиштүү мамлекеттик муниципалдык ишканалардын жетекчилери катышты.

Жыйында эл жана турак жай фондун каттоо боюнча жүрүп жаткан иштер тууралуу шаардык мамлекеттик статистика башкармалыгынын башчысы Азизбек Рысбаев маалымат берди.
“Эл жана турак жай фондун каттоо 2020-жылы өткөрүлүш керек болчу. Бирок, пандемияга байланыштуу жылдырылып, 2022-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейинки мезгилде өткөрүү чечими кабыл алынды.
Кыргыз Республикасы көз карандысыздыкты алгандан кийин биринчи улуттук эл каттоо 1999-жылы өткөрүлгөн - анда 4,8 миллион адам катталса, акыркы жолу 2009-жылы - 5,3 миллион адам катталган.
Эл каттоо – БУУнун сунушу боюнча ар бир 10 жылда бир өткөрүлө турган дүйнө жүзү боюнча өлкөлөрдүн статистиктери тарабынан жүргүзүлө турган ири масштабдуу изилдөө болуп саналат.
Каттоо документтерине жынысы, жашы, этникалык тиешелүүлүгү, туруктуу жашаган жери, каттоо учурунда жашаган жери жана бул дарек боюнча жайгашкан убактысы, жумуштуулук формасы, киреше булагы жана башка ушул сыяктуу суроолор киргизилет. Киргизилген суроолор боюнча талап кылынган маалыматтарды бербей коюуга суроого жооп берип жаткан адамдардын укугу жок. Каттоочулар атайын бейджиктер менен камсыздалат. Каттоочуларга маалыматты берүүдөн баш тарткан учурда, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартышат. Каттоо учурунда алынган маалыматтар анонимдүү купуя болуп саналат жана Улуттук статистикалык комитеттен башка бир да мамлекеттик орган тарабынан катталбайт.
Мыйзамга ылайык, каттоого Кыргыз Республикасынын бардык жарандары, Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынан тышкары чет өлкөдө бир жылга чейин жашаган жарандар, анын ичинде - Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелериндеги консулдук эсепке алууда турган жарандар катталууга тийиш. Ушуга байланыштуу, каттоону өткөрүү убагында 10 күндүн ичинде аларга келген каттоочуларга түшүнүү менен мамиле жасоо өтүнүчү менен сиздерге кайрылабыз”, - деди Азизбек Рысбаев.
Жыйындын соңунда Алмаз Мамбетов тийиштүү ишканалардын жетекчилерине төмөндөгү тапшырмаларды берди.
-Ош шаардык статистика башкармалыгын эл жана турак жай каттоого даярдык көрүү жана жүргүзүү, каттоонун материалдарын кабыл алуу жана текшерүү менен иштеген персоналды жайгаштыруу үчүн жайлар, байланыш каражаттары, эмерек жана шаймандар менен камсыз кылуу;
-Ош шаардык статистика башкармалыгы менен биргеликте эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана жүргүзүү үчүн ишке тартылган каттоо персоналынын курамын бекитишсин жана аларга күбөлүктөрдү берүү;
- 2021-жылдын 1-ноябрына карата шаардын административдик-аймактык чек араларын тактасын, андагы көчөлөрдүн жана турак жай массивдеринин аталыштарын, үй чарбаларынын жана батирлердин номерленишин тартипке келтирсин, курулуп жаткан кварталдардагы, турак жай массивдериндеги турак үйлөрдүн аныкталышын жана номерленишин, үйлөрдө номер белгилердин жана көчөлөрдүн аталыштары бар табличкалардын болушун камсыз кылуу;
-2021-жылдын 22-октябрынан тартып 2022-жылдын 31-декабрына чейин калктуу конуштарды жана көчөлөрдү кайра атоону токтотуп туруу.
-Турак-жайлардын документтери жок жарандардын документтерин тез аранын ичинде бүткөрүү.
-Эл жана турак жай фондун каттоо үчүн ишке тартылган адамдардын коопсуздугун жана каттоо материалдарын сакталышын, каттоо үчүн бөлүнүп берилген жайларды кайтарууну камсыздоо жана каттоо учурунда керектүү маалыматтарды берүүдөн баш тарткан тараптардын аймагына кирүүгө тоскоолдук кылган адамдарга административдик таасир берүүчү чараларды көрүү.
Жарыяланган категория Жаңылыктар

Бүгүн 8-декабрь - Радио жана телевидение кызматкерлеринин күнү белгиленүүдө. Ага карата Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов бул аймакта ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген телеканал, радио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Шаар мэриясы менен тыгыз кызматташып, мында жасалып жаткан жумуштарды коомчулукка жайылтууда салым кошуп келген бир катар кызматкерлер сыйланды.

Калаа башчы түйшүктүү жана сыймыктуу кесипти аркалап келген чыгармачыл инсандардын ишине ийгилик каалап, Ош мэриясы жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштешүүгө дайым даяр экенин билдирди.
Жарыяланган категория Жаңылыктар

Сиздерди бүгүнкү 8-декабрь – Радио жана телевидение кызматкерлеринин күнү, кесиптик майрамыңыздар менен жеке өзүмдүн жана Ош шаарынын мэриясынын атынан чын дилимден куттуктайм!

Бүгүнкү маалыматтын, маалыматтык технологиянын коомунда телевидение менен радионун орду чоң. Сиздердин эбегейсиз эмгегиңиздердин артында өлкөбүздө болуп жаткан ар түрдүү окуяларды билип турабыз. Элди маалымат менен камсыздоодо кандай гана түйшүк болбосун туруштук берип келесиздер. Бейтарап маалымат жеткирүүдө, коомдогу оң-терс көрүнүштөрдү чагылдырууда сиздердин мээнетиңиздер күч. Ызгаар суук болобу, мээ кайнаткан ысык болобу микрофон, камера көтөрүп элге кызмат кылып жүрөсүздөр. Коомдо кандай гана жаңылык болбосун чагылдырып, ал тургай дем алыш, майрам күндөрү да кызматтасыздар.
Ош шаарынын өнүгүүсүндө сиздердин салымыңыздар чоң. Кемчилик кетирсек сындап, ийгилик жаратсак бөлүшүп турасыздар.
Мен сиздердин сыймыктуу жана түйшүктүү ишиңиздерге ийгилик каалайм. Үй бүлөңүздөр менен бакубат өмүр сүрүңүздөр.
Алмаз Мамбетов,
Ош шаарынын мэри
Жарыяланган категория Жаңылыктар

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Декабрь 2021 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан…

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм…

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык муниципалдык ме...

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош шаарынын Асранкулов көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолду...

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашо…

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов курулуш иштер менен таанышты

Ош шаарынын Жапалак айылдык башкармалыгына караган Арек айыл...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });