Версия для печати
Воскресенье, 07 Март 2021 16:26

Ошто 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чарага 700гө жакын айымдар катышты

Бүгүн, 7-мартта Ош шаарынын мэриясы тарабынан С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата уюштурулган майрамдык салтанат болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жетектеген мэриянын өкүлдөрү, шаардагы баатыр энелер, эмгектин жана согуштун ардагерлери, ар кайсы тармакта эмгектенип жаткан айымдар жана коомдук ишкерлер катышты.

Шаар мэри бардык айымдарды жаз майрамы менен куттуктап, Аялзат - үй-бүлөнүн, жалпы адамзатынын куту, өмүрдүн булагы экендигин белгиледи.
"Жараткан аялзатына дүйнөнү көрккө бөлөгөн, турмушубуздун маани-мазмунун арттырган сүйүүнүн жана боорукердиктин улуу күчүн ыйгарган экен. Анткени, сиздерди ак пейилиңиздер, мээримиңиздер, жан дүйнөңүздөр, сулуулугуңуздар, жүрөгүңүздөрдөн чыккан жылуулук жана камкордук турмуштун оор жагдайларында күчүңө күч, демиңе дем кошуп, келечекке ишенимди арттырат. Жашообуздун маңызы, тамыры, өсүп-өнүгүүсү жана келечеги эненин, жубайдын, кыз-келиндердин колунда деп билем. Эненин терметкен бешиги жер шаарын тынчтыкка бөлөсө, эже-карындаштарыбыздын жылмайганы ааламга нур чачып, дүйнөнү гүл бакчага айланат. Кыргыздын көптөгөн кыз-келиндери эр жигиттерден кем калбай мекенди коргоодо жана мамлекеттүүлүктү сактоодо да арбын иш жасап, атасынын, жан шеригинин, ага-инилеринин ар дайым жанында болушкан. Эркин демократиялык багытты тандап алган азыркы жолубузда аял затынын ушул асыл сапаты баарыбызга таяныч болууда. Аялзаты эң биринчи мээримдүү эне, жашоонун жарыгы, үйдүн куту деп эсептейбиз. Тилегеним эч бир үйдүн куту өчпөсө, асыл энелердин башынан ак элечеги түшпөсө, энелердин ыйы болбосо, жараткан жамандыктан сактаса дегим келет. Жаз менен наздын, өмүр менен гүлдүн, сулуулук менен аруулуктун, мээрим менен кайратмандыктын туу чокусу болуп жүрө бериңиздер айымдар!"-деди Т.Сарыбашов.
Иш-чаранын жүрүшүндө энелерге белгилүү эстрада ырчылардын жана чыгармачыл инсандардын катышуусунда чоң программадагы концерт тартууланды.
Ага 700дөн ашуун энелер катышып, белектер тапшырылды. 
Окулду 1435 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо