Версия для печати
Среда, 24 Февраль 2021 11:04

Ош шаарында көк-бөрү боюнча мелдеш болуп өттү

Ош шаарында 23-февраль- Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата көк-бөрү боюнча турнир болуп өттү.

Мелдешке Ош облусунан 12 команда (ар бир райондон 2 командадан) жана Ош шаарынан команда катышты. Жыйынтыгында 1-орунду Карасуу районунан келген команда, 2-орунду "Алай-2" командасы алса, 3-орунга Кара-Кулжанын командасы ээ болду.
Сыйлык тапшыруу аземине Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев, Ош шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Жалил Осмонов катышып, улуттук спорттун түрлөрүн калк арасында жайылтуу өзгөчө мааниге ээ экендигин белгилешти. Ош шаардык мэриясы турнирдин байге фондуна 100 000 сом бөлүп берди. Турнирдин уюштуруучулары - Ош шаарынын Көк-Бөрү федерациясы жана Ош шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт комитети.
Окулду 1390 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо