Версия для печати
Суббота, 16 Январь 2021 20:10

Ош шаарында Кубатбек Жусубалиевдин чыгармачылык кайрымдуулук кечеси өттү

Бүгүн, 16-январь күнү саат Ош шаарындагы “Классик” мейманканасынын жыйындар залында эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиевдин “Сүйүүм менин чымчык болуп сага учат” аттуу чыгармачылык кайрымдуулук кечеси болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, жазуучунун калемдештери, шакирттери, жакын санаалаштары жана туугандары катышты.

Шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов эл жазуучусунун эмгеги баа жеткис байлык экендигин белгилеп, чыгармаларынын түпкү философиялык мааниси терең экендигин кошумчалады.
"Өткөн кылымдын 60- жылдарынан тартып өз эмгегиңизди, чыгармаларыңызды тартуулап келе жатасыз. Кино жаатында кылган эмгегиңиз чоң. 80 жылдык маараеңиз кут болсун. Жаралган ар бир чыгармадан ой-толгоо, тарбия жана үлгү аласың. Дагы да чыгармаларыңызды күтөбүз, ден соолукта жүрүңүз",- деди Т.Сарыбашов.
Салтанаттуу иш-чаранын алкагында шаар мэри белектерин тапшырып, акчалай колдоосун көрсөттү.
Кайрымдуулук кечеге келген конокторго классика жана эстрада жылдыздарынын концерттик программасы тартууланып , Кыргызстандын сүрөтчүлөрүнүн жана кол өнөрчүлөрүнүн баа көтөрүү (аукцион) көргөзмөсү уюштурулду.
Кубатбек Жусубалиев менен Клара Юсупжанованын 80 жылдыгына арналган сүрөт-календардын бет ачары болуп, автордун колу менен китептерин сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Уюштуруучулардын айтымында түшкөн каражаттар К.Жусубалиевдин жаңы чыгармаларын басып чыгарууга жумшалат.
18- январь саат 11.00 ОшМУнун Кыргыз- Европа факультетинин имаратынын 3- кабатында Кубатбек Жусубалиевдин офлайн жана онлайн кечеси уюштурулат.
Окулду 1436 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо