Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздык күнүнүн 27 жылдыгына карата Ош шаарында 2018-жылдын август айынын ар ишемби күндөрү майрамдык иш-чаралар өтөт.
4-11-18-25-август күндөрү шаардагы эс алуу бактарында, Ош шаардык маданият башкармалыгы, шаардагы музыкалык мектептердин, балдардын чыгармачылык борборлорунун, театр кызматкерлери тарабынан концерттик , оюн-зоок программалар көрсөтүлөт. Ошондой эле шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан спорттун улуттук түрлөрү боюнча мелдештер өтөт.
Майрамдык иш-чаралар төмөнкү эс алуу жайларында уюштурулат:
4-август – “ Алымбек Датка ” этнографиялык борбору,
11-август – “ Ата Түрк ” сейил багы,
18-август – “ И.Раззаков ” атындагы сейил багы,
25-август– “ Жайкы сахна” подиумда.
Башталашы: саат 18:00.