Тарых жана маданият
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Тарых жана маданият

Тарых жана маданият (126)

Ош шаарында “Нооруз-2018” элдик майрамын өткөрүү боюнча борбордук аянтта кызуу даярдык жүрүүдө.

Анын алкагында төмөндөгү иш-чалар уюштурулат:

20-март күнү борбордук аянттын жанында жайгашкан “Сүйүү” эс алуу жайында сүмөлөк кайнатылып, “Кадыр түн” каадасы өткөрүлөт. Аны Ош технологилык университети уюштурат.

21-март күнү Ош шаарынын мэриясы тарабынан “Нооруз-2018” элдик майрамын өткөрүлөт.

Майрамдык салтанат, 21-март күнү шаардын борбордук аянтында саат 10:00до “Нооруз-2018”  театралдык оюн зоок, концерттик чоң программа менен башталат.

Саат 11:30да Кыргыз каганатынын VI-VII-кылымдагы өнүккөн доорунун салттуу маданиятын чагылдырып, “Ыкчам боз үй тигүү” сынагынын финалы болуп, жеңүүчүлөр сыйланат.

12:00до С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрнда  “Элдик кол-өнөрчүлөрдүн” сынак-көргөзмөсү өткөрүлөт.

12:30 С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрнда  “Жүрөгүмдө Кыргызстан” кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо.

13:00до Сай-Бою көчөсүнө “Байыркы Ош баалуулуктары” сүрөт көргөзмөсү уюштурулат.

14:00до “Нооруз-2018” элдик майрамын утурлай улуттук ырлар, Манас айтуу, улуттук бий, улуттук кийим кароо-сынактарынын жеңүүчүлөрү сыйланып, чоң программадагы концерт менен коштолот.

Бүгүн, 6-мартта  Ош шаарынын мэриясы тарабынан 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык салтанат болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жетектеген мэриянын өкүлдөрү, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардагы баатыр энелер, эмгектин жана согуштун ардагерлери, ар кайсы тармакта эмгектенип жаткан айымдар жана коомдук ишмерлер катышты.

Шаар мэри бардык айымдарды майрамдары менен куттуктап, Аялзат  - үй-бүлөнүн, жалпы адамзатынын куту, өмүрдүн булагы экендигин белгиледи.

-“ Бул күн дүйнөдөгү эң кымбат, эң назик энелерге гана таандык. Эне деген сөзгө таазим этүү менен бүт Кыргызстандык асылзат айымдарды, апалар, эжелер, карындаштарды бул маанилүү майрамдары менен Ош шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм. Аялзат  - үй-бүлөнүн, жалпы адамзатынын куту. Өмүрдүн булагы. Сиздердин демиңиздер менен ар бирибиздин жүрөгүбүздө, ар бир үй-бүлөдө, коомубузда жылуу сезим, жакшы маанай, ийгилик жаралат.

Учурда акылы тунук, кайраты күчтүү аялдарыбыз коомубуздун  бардык тармактарында үзүрлүү иштеп келе жатышат. Социалдык-экономикалык чөйрөдөгү негизги жүк да  биздин энелерибиздин, аялдарыбыздын, кыздарыбыздын назик ийинине түшүп жатканын, албетте баса белгилеп кетким келет. Экономиканын, бизнестин, маданияттын жана көркөм өнөрдүн бардык чөйрөлөрүндө сиздер жаратып жаткан ийгиликтер алкоого гана арзыйт.

Өлкөбүздүн, анын ичинде  ордо каалабыз Ош шаарынын  туруктуу өнүгүүсүнө жалпы улуттук башкы милдеттерди, баарыдан мурда салттуу үй-бүлөлүк асыл-нарктарды бекемдөөгө, жаш муунду тарбиялоого, калктын ден соолугуна кам көрүү сыяктуу милдеттерди чечүүгө аялдардын, аялдар уюмдарынын мындан да  жигердүү  аракеттенүүгө чакырамын!”-деди А.Кадырбаев.

Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө шаардын мэри өлкөбүздүн  социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана шаардын коомдук-саясий турмушуна активдүү катышкан бир нече айымдарга Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталарын, баалуу белектерин тапшырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө энелерге белгилүү эстрада ырчылары жана  чыгармачыл инсандар концерттик программа тартуулашты.

Ага 600дөн ашуун энелер катышып, сый дасторкон жайылды. 

Бүгүн, 5- март күнү С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрнда шайыр тапкычтар клубтарынын арасында Ак калпак күнүннө карата Ош шаарынын мэринин кубогу ойнотулду. Расмий бөлүгүнө Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, депутаттар, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаардыктар жана жаштар катышты.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев ШТКлар арасында мэрдин кубогу алгачкы жолу уюштурулуп жаткандыгын айтып, күчтүүлөр жеңсин деген тилегин билдирди.

“Бүгүн биз кыргыз элин улут катары таанытып, ыйык баш кийимибиз болгон Ала-Тоодой бийик наркы, тарыхы бар ак калпагыбызды даңазалоого арналган аземге чогулуп олтурабыз. Ак калпак кыргыз элинин улуу мурасы, дөөлөтү жана кемибес дүйнөсү десек жаңылышбайбыз.Ак калпак ата-бабаларыбыздан азыркы жана келечек муунга көөнөрбөс байлык, мурас катары калды. Ошол улуу мурасыбызды сактап, келечек муунга калтыруу биздин милдетибиз. Биз демилгелүү жаштар менен бигеликте бул милдетти атакарабыз деп терең ишенем. Бул манилүү майрамды утурлай шаарыбыздын жаштарынын демилгеси менен шайыр тапкычтар сынагы өтүп жатышы да кубандырат. Командаларга ийгилик каалайбыз, патриот, мыкты жаштардын катары толуктала берсин”, - деди А.Кадырбаев.

ШТК Ош шаарынын мэриясынын жаштар иштери боюнча комитети тарабынан уюштурулуп,  жалпысынан 5 команда катышты. Алардын үчөөсү Ош шаарынын болсо, Өгөн жана Жалал-Абад шаарларынан 1ден команда катышты.

Жеңүүчүлөр:

-         1- орун Ош шаарынын мэринин кубогу жана 20 миң сом акчалай сыйлык;

-         2-орун 15 миң сом акчалай сыйлык

-         3- орун 10 миң сом акчалай сыйлык

Ошондой эле, “мыкты оюнчу”, “мыкты тамаша”, “мыкты команда” намонациясы боюнча да белектер тапшырылат.

Бүгүн, 5-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында ак калпак күнү салтатанттуу белгиленди. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, депутаттар, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаардыктар жана 3 миңге жакын жаштар катышты.

Ош шаарынын жаштар иштери боюнча комитети жана маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган салтанаттуу иш-чара алгач ак калпак туурасында ыр менен башталды. Ага улай жаштар тизиле  “Калпактын жандуу үлгүсүн” көрсөтүп кара жорго бийине флешмоб бийлешти. Андан соң, ар улуттун өкүлдөрү мекен, ата-эне, эне-тил, калпак туурасында кыргызча жана өз эне тилинде ырларды көркөм окушту.

Ошондой эле, салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө жаштар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте патриоттуулукка чакырган ураан менен жөө жүрүш жасашты.

Эскерте кетсек, ак калпак күнүн белгилөө идеясы 2011-жылдын февраль айында кинорежиссер Рысбек Жабиров тарабынан коомчулукка сунушталган. Демилге эл тарабынан колдоого алынып, жети жылдан бери Кыргызстандын булуң-бурчтарында жана чет өлкөдө жашаган кыргыздар тарабынан белгиленип келе жатат.  

Бүгүн, 3-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символу Туунун 26 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Ага КРнын вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Бактыбек Каналиев, легендарлуу парламенттин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери,шаар тургундары жана жаштар катышты.

Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев Кыргызстандын жети областында,  ар бир шаарларда туу күнү жакшы маанайда жана жогорку деңгээлде өтүп жаткандыгын белгилеп өттү.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев Мамлекеттин туусу ачык асман алдында ар дайым желбирей берсин деген тилектерин билдирди.

“Мамлекеттик Туу бул  өзгөчө ыйык символ болуп саналат.  Анткени, жаш жоокерлер тууну өөп ант берсе,  жогорку мартабалуу бийлик органдарынын  өкүлдөрү эл алдында расмий ант берген учурда колдолунат. Ошондой эле, туубуз 26 жыл ичинде республикалык жана дүйнөлүк ар кандай маанидеги иш-чараларда такай көтөрүлүп келүүдө. Мен айтаар элем: Ылайым элибиз ар дайым бүтүн болсун, элибиз эркин болсун, биздин ыйык Туубуз  Кыргызстанда жашаган баардык улуттарды бириктирип турсун. Элибиз айтат: «ынтымактуу элден ырыс кетпейт» - деп, Мамлекеттик Туубуз ар дайым биздин жеңиштерди дүйнө жүзүнө даңазалап,  желбирей берсин! Кайсы улуттун өкүлдөрү болсок да бири-бирибизди урматтап, сыйлап, Эгемендүү Мамлекетибиздин Туусун ыйык сактап, рухий дөөлөттөрүбүздү кийинки муундарга бөксөртпөй үлгү катары өткөрөлү”,- деди А.Кадырбаев.

Майрамдык иш-чаранын алкагында көркөм окуулар болуп, жаштар “Кыргызстан” деп ураан чакырып, жөө жүрүш уюштурду.

Белгилей кетсек, мамлекеттик тууну легендарлуу парламент эки ай талкуулап, 1992-жылдын 3-марттында кабыл алган.  Быйыл Кыргыз Республикасынын туусуна 26 жыл толду. Туунун авторлору: Эдиль Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков.

Бүгүн, 21-февралда  Оштогу Кыргыз-Өзбек Университетинде Эл аралык эне тил күнү белгиленди. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, Кыргызстан Элинин Ассамблеясынын  Оштогу бөлүмүнүн өкүлдөрү, мугалимдер жана студенттер катышты.

Анда Кыргызстан Элинин Ассамблеясынын  Оштогу бөлүмүнүн 13 улуттук маданий борборлорунун көргөзмөсү уюштурулду.

Айтмамат Кадырбаев өз тилин көздүн карегиндей сактоо менен башка улуттун эне тилине аяр,  сый-урмат менен мамиле кылуу Кыргызстандын бардык жашоочусунун жарандык милдети экендигин билдирди.

-“ Бүгүн дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө «Эл аралык  Эне тил  күнү» белгиленүүдө. Тарыхка кайрыла турган болсок, 21-февраль - Эне тил күнү катары 1999-жылы  ЮНЕСКО  тарабынан бекитилип,  2000-жылдан тарта белгилене  баштаган.

Бул датанын майрам катары тандалып алынышынын  себеби - 1952-жылы 21-февралда Бангладештин борборунда студенттер эне тилинин мамлекеттик тил болушун талап кылып көтөрүлүшкө чыгышып, полиция кызматкерлеринин огунан каза болушкан жана   ушул тарыхый күн эне тил күнү катары бүгүнкү күнгө чейин белгиленүүдө. Демек, урматтуу студент достор, ар бир улуттун эне тилинин орду, мааниси үчүн  өмүрүн берген патриот жаштардын эрдиги ар бирибиз үчүн  терең сабак болушу керек. Биз  эне тилибиз аркылуу инсандык касиетке ээ болобуз,  ал эми  көп тилдүүлүк аркылуу жакындашып, достошобуз,  дүйнө тааныйбыз  жана мамлекетибиздин жараны катары калыптанып  келебиз.

Улуттар аралык достук жана биримдик - Ош шаарынын мэриясынын ишмердүүлүгүнүн эң негизги  приоритети  катары  каралып  келет, анткени сыймыктуу Ош шаарыбыз бир эле Кыргызстанда эмес, Борбордук Азия чөлкөмүндө көп улуттардын каада-салтынын жана тилдеринин консолидациясына айланган Улуу Жибек жолундагы тарыхый жана маданий борбор болуп эсептелинет.  Ошондуктан, биздин шаарда «Эл аралык  Эне тил күнүн» белгилөө - өзгөчө  символикалуу  десек  жаңылышпайбыз”,-деди шаар мэри.

Иш-чаранын жүрүшүндө, Айтмамат Кадырбаев  Улуттар аралык достук жана биримдикти өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн бир нече Ассамблеянын өкүлдөрүнө төш белгилерди жана Кыргызстан Элинин Ассамблеясынын  Оштогу бөлүмүнө акчалай сыйлык тапшырды.

Майрам улуттук маданий борборлордун үрп-адаттарынан сахналык көрүнүштөр концерттик программалар менен коштолду.

Бүгүн, 9-февралда Ош шаарына Кыргызстандын Экономика министри Артем Новиков жана Өзбекстандын тышкы соода министри Жамшид Ходжаев баштаган делегация жумуш сапары менен келди.

Жумуш сапардын алкагында, Кыргызстандын Экономика министри Артем Новиков ,Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жана делегациянын мүчөлөрү шаардагы Алишер Навоинин эстелигине гүл чамбарларды коюшту.

Ошондой эле, Өзбекстан Республикасынын каржылоосу менен курулуп жаткан А.Навои атындагы мектебине кошумча 630 орундуу окуу корпусунун курулуш иштери мене таанышты.

Андан соң, жашылча-жемиштерди кайра иштеп чыгаруучу “Келечек” акционердик коомунун, автоунаа кураштыруучу “Эстакада автоборборунун”, пластик жана алюминий эшик-терезелерди чыгарган “Имзо ЛТД” фирмасынын ишмердүүлүгүн көрүштү.

 

Бүгүн, 9-февраль күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Өзбекстан Республикасынын Тышкы соода министри Жамшид Ходжаев  баш болгон делегацияны кабыл алды. Ага КРнын экономика министри Артем Новиков,  Ош шаарынын вице-мэрлери катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө эки мамлекеттин ортосундагы карым катнашты бекемдөө, анын ичинде экинчи борбор калаа менен соода-экономикалык кызматташтыкты жогорулатуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев товар жүгүртүүнүн көлөмү өткөн жылы 2015- жылга салыштырмалуу 13 эсеге өскөндүгүн белгилеп өттү.

“Өткөн жылы чек аралар ачылып, соода-экономикалык кызатташтыкка жол ачылгандан бери ишкерлердин байланышы арта баштады. Статистикага таянсак 2015-жылы товар жүгүртүүнүн көлөмү 21 млн. долларын түзгөн болсо, 2016-жылы бул көрсөткүч 150 млн., ал эми өткөн жылы 270 млн долларга жеткен. Ошондой эле, өткөн жылы Андижан шаарында бизнес-форум өткөрүлүп, ишкерлердин кызматташтыгына жол ачылды. Бүгүнкү күндө “Равон-Моторс-Ош” автосалону, “Акфа-пласт”, “Измо”, “Артель”, сыяктуу биргелешкен ишкангалар иштеп жатат. Биз Өзбекстандык ишкерлердин Ош шаарына келип, ишкердигин жүргүзүүгө, шаардын экономикасына инвестиция салуусуна кызыктарбыз. Өз кезегинде биз сиздерге мүмкүн болгон баардык шарттарды түзүп берүүгө даярбыз,”- А.Кадырбаев

Айта кетсек, делегация мүчөлөрү Ош шаарында бир катар ишканаларды кыдырып, кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” өткөрмө бекетинде да болушат.

Бүгүн, 18-январда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Казакстандын Астана шаарында өткөн “ART-PREMIUM” Эл аралык сынагынын жеңүүчүлөрүн, мугалимдерин жана ата-энелерин кабыл алды. 

Аталган конкурс Астана шаарында 4-7-январь күндөрү өтүп, ага Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын кыргыз эл аспаптар бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Шохжахон Маманазаров менен орус эл аспаптар бөлүмүнүн 2-курсунун студенти Шайырбек Абдурашит уулу катышып келген.

Жыйынтыгында студенттер конкурстун үч сыйлыгын багындырып келишкен. Студенттердин бири  инструменталдык жанрда домрада  ойноп 1-орунду, бири аккордеондо 1-орунду багындырышса, домра жана аккордеондо дует аткарышып 1-орунду ээлешкен.

Айтмамат Кадырбаев жеңүүчүлөрдү куттуктап, маданият жаатындагы алгачкы ийгилик экенин билдирди.

-“ Бир нече өлкөлөрдүн музыканттарын артка калтырып, шаарыбыздын, мамлекетибиздин намысына жарадыңыздар. Бул жеңиш силердин, мугалимидердин, ата-энелердин эмгегинин үзүрү, шаарыбыздын сыймыгы. Мындан ары да чоң ийгиликтерге жетише бергиле. Ош шаарынын мэриясы силерди ар тараптан колдоого даяр”,-деди А.Кадырбаев.

Ошондой эле, конкурстун жеңүүчүлөрүнө жана мугалимдерине шаар жетекчиси Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасын тапшырды. 

Бүгүн, 12-январь күнү Ош шаарында залкар обончу жана ырчы Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карата, эскерүү иш-чарасы болуп өттү.

Ага Ош шардык мэриясынын жана өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, ырчынын жакындары, маданият кызматкерлери, жазуучулар, жогорку окуу жайлардын жамааттары, акындар жана шаар тургундары катышты. 

Улуу талант Р.Абдыкадыровдун наамын алып жүргөн Ош облустук филармониясынын жанында митинг-реквием өтүп, анын эстелигине гул чамбарлар коюлду.

Митинг-реквиемдин катышуучулары сөз сүйлөп, Рыспай Абдыкадыров кыргызга бир келчү өчпөс талант экендигин баса белгилешти.

Иш-чаранын жүрүшүндө Р.Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын ырчылары улуу таланттын кайрыктарын келгендерге сунуштады.

Белгилей кетсек, Кыргыз музыка дүйнөсүнө өзүнүн күчтүү обондору, ырлары менен белгилүү болгон улуу талант Рыспай Абдыкадыров 1941-жылы жарык дүйнөгө келген. “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти”, обончу 200дөн ашуун чыгармаларын өзүнөн кийинки муунга калтырып кеткен.

Залкар талант 1994-жылы 53 жаш курагында көпкө созулган оорунун кесепетиен көз жумган, анын көзү тирүү болгондо 77 жашка чыкмак.

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Август 2022 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

Учурда Ош шаарынын туристтик бренди туризм тармагындагы абро...

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан…

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм…

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык муниципалдык ме...

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош шаарынын Асранкулов көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолду...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });