Версия для печати
Среда, 20 Май 2020 05:22

Ош шаарындагы көп балалуу энелер сыйланды

Бүгүн, 20-майда Ош шаарындагы көп балалуу энелер "Баатыр эне"ордени жана "Эне даңкы" медалы менен сыйланышты.

Аземге Ош шаарынын вице-мэри Н.Кадыров катышып, энелерди төш белги менен сыйлап, коомдун келечеги ата-эненин тарбиясына, мээримине көз каранды экендигин баса белгиледи.
 
Белгилей кетсек, Ош шаары боюнча жалпы жетиден ашык балалуу болгон 15 аял "Баатыр эне" ордени, алты баланы тарбиялап жаткан 14 аял "Эне даңкы" медалы менен сыйланышты.
 
Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө аймагындагы көп балалуу энелерди "Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" медалы менен сыйлоо жөнүндө жарлыктарга кол койгон.

 

Окулду 1807 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо