Версия для печати
Суббота, 11 Август 2018 05:27

Спорттук мелдеш жана концерттик программа - Ошто "Алтынчы күнү кечинде" аттуу майрамдык кече уланууда

Бүгүн, 11-август Ош шаарындагы "Ата-Түрк" эс алуу багында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата "Алтынчы күнү кечинде" аттуу концерт уюштурулду.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун атынан вице-мэр Нурбек Кадыров сөз сүйлөп, шаардыктарды Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгы менен куттуктап, көз карандысыздыктын жана тынчтыктын желеги ар дайым желбирей берсин деген тилегин билдирди.

Ош шаарынын маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган концертте шаардыктарга шайыр апалар, эстрада жылдыздары чыгармаларын арнап, бийчилер майрамдык маанай тартуулашты.

Ал эми Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан аркан тартыш боюнча мелдеш уюштурулуп, билеги күчтүүлөр күч сынашты. Жеңүүчүлөргө баалуу белектер жана таттуулар берилди.

Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата уюштурулуп жаткан "Алтынчы күнү кечинде" аттуу концерт 18-август И.Раззаков эс алуу жайында жана 25 -август Жайкы сахнада (подиум) жалпы шаардыктарга жана конокторго тартууланат.

Окулду 6412 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо