Ош шаарында Абакир уулу Төрөбек көчөсүнө тротуар куруу иштери кызуу жүрүп жатат
Ош шаарында Абакир уулу Төрөбек көчөсүнө тротуар куруу иштери кызуу жүрүп жатат. Анын жалпы узундугу 2 чакырымдан ашык.
Ош шаарынын мэриясы билдирет
Көңүл буруңуздар!!!
Ош шаарынын аймагындагы автотоктомолордун тарифин бекитүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2020-жылдын 2-сентябрындагы №230 токтомунун 9-пунктунда көрсөтүлгөн “Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү үчүн кошумча резервдерди табуу” боюнча иш-чараларды жүргүзүү жана Ош шаарынын мэринин 2020-жылдын 14-сентябрындагы №49 протоколдук тапшырмасы жана Ош шаарынын мэриясынын 2018-жылдын 19-ноябрындагы №568-б буйругу менен берилген тапшырмаларды аткаруу максатында, Ош шаарынын “Манас Ата” кичи районундагы У.Салиева, “Керме-Тоо” кичи районундагы Абдыкадыров көчөлөрүндөгү жана башка көп кабаттуу үйлөрдүн астындагы темир автогараждарды бузуп алып салуу иштери жүрүп, муниципалдык жер тилкелер бошотулуп, жаңы типтеги үстү жабык муниципалдык автоунаа токтотуучу жайларды куруу иштери жүрүүдө.
Тактап айтканда, Ош шаарынын Салиева көчөсүнүн №40В үйдүн алдындагы жайгашкан 25 даана темир гараждарды алып, ордуна 29 даана жеңил типтеги автотоктомо курулуп бүтүрүлгөн (мурдагы темир автогараждардын ээлери эсебинен). 2020-жылга чейин, ар бир темир автогараждын ээлери тарабынан жергиликтүү бюджеттин эсебине ар бир жылына 210 сом, ал эми стационардык автогараждар 255 сомдон бир жылына төлөп келишкен. Ушуга байланыштуу, Ош шаарын өнүктүрүү максатында, замандын талабына ылайык мындан ары жаңы типтеги үстү жабык муниципалдык жерлерге автоунаа токтотуучу жайларды уюштуруп, Ош шаарынын бюджетин көтөрүү менен жаңыдан курулуп жаткан автотоктомо жайлардын ижара акысын күнүнө 5 сом, ар бир айга 150 сом, бир жылга 1800 сом, ал эми стационардык автогараждарды айына 150 сом, бир жылга 1800 сом акча каражатын төлөтүү зарылчылыгы келип чыгууда.
Жогорудагылардын негизинде, Ош шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 13-мартындагы №114 “Ош шаарында муниципалдык автотоктомолордон алынуучу жыйым жөнүндө” жана “Ош шаарында ачык сынактын негизинде автоктомо жайларын ижарага берүү жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө кабыл алынган токтомунун 1-пунктунда Ош шаарында муниципалдык автоунаа токтоочу жайлардан ар унаадан жергиликтүү бюджетке киреше түрүндө түшүүчү автоунаа токтотуу үчүн жыйым 10 сом өлчөмүндө белгиленип, жыйым толук көлөмдө жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө түшүүсү камсыздалсын деп көрсөтүлгөн. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү үчүн, Ош шаарынын жол боюндагы автоунаа токтогон жайлардан жергиликтүү бюджетке киреше түрүндө түшүүчү автоунаа токтотуу үчүн ар бир унаадан жыйым 10 сом деген сөздү 20 сом деп жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 1-пунктуна өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү жана шаардагы жайгашкан категориясына ылайык, атайын муниципалдык жерлердеги автоунаа токтотуу үчүн жыйым 50 сомго чейин, ал эми көп кабаттуу турак-жайлардын айланасындагы муниципалдык жер тилкелердеги жеңил типтеги темир жана стационардык автогараждардын ордуна бир күнүнө 5 сом, бир айына 150 сом, бир жылына 1800 сом өлчөмүндө деп бекитүү.
Кайрылуулар
Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары
Муниципалдык кызматтардын базалык р…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...
Муниципалдык кызматтардын стандартт…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...
Фоторепортаждар
Видеорепортаждар
Сурамжылоо
Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?
Добуштардын саны:: 26