Согуш ардагерлерине Президенттин атынан Орозо айтка карата белектер тапшырылды
Бүгүн, 29-апрелде Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине КР Президенти Садыр Жапаровдун атынан ыйык Орозо айт майрамына карата белектер тапшырылды.
Ош шаарынын өндүрүшчүлөрү жана ишкерлери өз продукциясын Ростов-на-Дону шаарына экспорттой алышат
29-апрелде Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев Евразиялык “Улуттар жүзү” компаниялар тобунун өкүлдөрү жана Ош шаарынын ишкерлери менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн, ишкерлердин продукциясын Орусиянын рыногуна, анын ичинде Ростов-на-Дону шаарына экспорттоо мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.
Ош шаарынын Жапалак айыл аймагында алгачкы социалдык дарыкана ачылды
Бүгүн, 29-апрелде Ош шаарынын Жапалак айыл аймагында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар дары-дармектерди арзандатуу менен сатып ала турган социалдык дарыкана ачылды. Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин түштүк бөлүмүнүн өкүлдөрү, үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышты.
Ош шаарында республикалык предметтик олимпиаданын жеңүүчүлөрү сыйланышты
Бүгүн, 29-апрелде Ош шаарынын мэриясында үстүбүздөгү жылдын апрель айында өткөн республикалык предметтик олимпиаданын жеңүүчүлөрүн салтанаттуу сыйлоо аземи болуп өттү.
Ош шаарында “Жаш аракетчил” бош орундардын жарманкеси болуп өттү
Бүгүн, 29-апрель күнү Токтогул Сатылганов атындагы сейил багында “Жаш аракетчил” деп аталган бош жумуш орундардын жарманкеси болуп өттү. Аны “Юз оф Ош” коомдук бирикмеси Ош шаарынын мэриясы, Эмгек, социалдык коргоо жана миграция башкармалыгы жана “Аракетчил” долбоору менен биргеликте уюштурган.
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов
Кайрылуулар
Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары
Муниципалдык кызматтардын базалык р…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...
Муниципалдык кызматтардын стандартт…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...
Фоторепортаждар
Видеорепортаждар
Сурамжылоо
Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?
Добуштардын саны:: 26