Материалы отфильтрованы по дате: Среда, 20 Апрель 2022
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Материалы отфильтрованы по дате: Среда, 20 Апрель 2022
“Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин мамлекеттик тилди билүү сынагынан ийгиликтүү өткөн Ош шаарындагы мекеме-ишканалардын 36 кызматкерине сертификаттар тапшырылды.
Жарыяланган категория Жаңылыктар

Бүгүн, 20-апрелде Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев “Ош-Тазалык”, “Ошсууканал” ишканаларынын жана Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.  

Жыйындын жүрүшүндө КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан аба ырайы тууралуу жарыяланган эскертүүгө байланыштуу инженердик тармактардын күчөтүлгөн режимин уюштуруу маселеси каралды. Тактап айтканда, жумушчу бригадалардын күнү-түнү нөөмөт иштерин уюштуруу, ошондой эле канал тармактарынын, ирригациялык системалардын тазалыгын, суу түтүктөрүнүн абалын көзөмөлдөө боюнча атайын тапшырма берилди. Аба ырайынын начарлашы жарыяланганына байланыштуу жарандардын кайрылууларына өзгөчө көңүл буруу тапшырылды.

Жарыяланган категория Жаңылыктар

Бүгүн, 20-апрелде Ош шаарынын мэриясында Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин программалык координаторлорунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Жыйынга вице-мэр Венера Рыскулова, мэриянын кызматкерлери, тиешелүү кызматтардын, мекемелердин жетекчилери жана адистери катышты. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасында келечектүү багыттар боюнча ишке ашырылып жаткан аталган агенттиктин долбоорлорунун бет ачары болуп өттү, анын ичинде айыл чарбаны колдоо, компьютердик билим берүү, социалдык камсыздоо, медайымдык иш, туризм, китепканачылык, жалпы менеджмент, инфраструктураны өнүктүрүү, коопсуздук жана башкалар кирет.  

Жыйында айрым долбоорлорду ишке ашырууга арыздар түшкөн учурда маселени иликтөөгө тиешелүү адистер жөнөтүлүп, ар бир облустагы абал менен жеринде таанышып чыгаары айтылды. 

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тараптуу кызматташтыкты жакшыртуу жана өнүктүрүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Жарыяланган категория Жаңылыктар

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасы менен кечээ, 19-апрелде калаанын биринчи вице-мэри Марс Исаев баштаган делегация Өзбекстандын Андижан облусуна иш сапары менен барды. Иш сапар 2022-2023-жылдарга Ош шаары менен Андижан облусунун ортосундагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча “Жол картасынын” 2.4. пунктун аткаруу максатын көздөйт.

Биринчи вице-мэр М.Исаевдин Андижан облусунун губернаторунун орун басары А.Максумов менен жолугушуусунда Ош шаарынын мэриясы менен Андижан облусунун туризм жана маданий мурастар башкы башкармалыгынын ортосунда туризм тармагында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.
Андан кийин Ош шаарындагы туроператорлордун өкүлдөрү өздөрүнүн ишканаларынын тур продуктыларын презентациялады. Тегерек столдо Андижан облусунан келген туристтик фирмалардын өкүлдөрү да сөз сүйлөп, жергиликтүү туристтердин Ош шаарына келүүгө кызыгуусун билдиришип, бирок “Достук” өткөрүү пунктунан өтүүдөгү айрым көйгөйлөрдү айтышты. Андан соң эки тараптын туроператорлорунун өкүлдөрү мындан аркы кызматташууну өнүктүрүүнү талкуулап, анын жыйынтыгында кызматташуу боюнча 7 келишимге кол коюлду.
Жарыяланган категория Жаңылыктар

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Апрель 2022 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });