Ош мэри таза суу менен камсыздоо боюнча жүрүп жаткан иштер менен таанышты
Оштун мэри Алмаз Мамбетов Мамыров көчөсүнөн Орке айылында курулуусу пландалган суу кампасына чейин тартылып жаткан суу куурларынынын курулуш иштери менен таанышты. Долбоор Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынынын тургундарын таза суу менен камсыздоону максат кылат. Курулуштун биринчи этабында 4 насостук станциянын, 500 куб метрлик 2 суу кампасынын, , диаметри 200 мм болгон 7287 метрге созулган суу куурун куруу иштери бар. Курулуш республикалык бюджеттин эсебинен жүрүп жатат. 2021-жылдын октябрь айында башталган.
Мэр Оша проинспектировал качество работ по реконструкции улицы Алиева
Сегодня, 4 ноября мэр города Ош Алмаз Мамбетов ознакомился с качеством проводимых работ по реконструкции улицы Алиева.
Ош шаарынын мэри асфальтталып бүткөн Алиев көчөсүндө иштин сапаты менен таанышты.
Ош шаарын мэри Алмаз Мамбетов жаңыдан гана асфальттоо иштери аягына чыгарылган Э.Алиев атындагы көчөдө жүргүзүлгөн иштердин сапаты менен таанышып чыкты. Мэр тиешелүү жетекчилерге кетирилген айрым кемчиликтерди оңдоого тапшырма берди. Алар: айрым жерлерде бордюрлардын жоктугу, тротуарды курууда кетирилген кемчиликтер, жол ортосунан өткөн коммуникациялык кудуктардын оозун жабууда бирдей деңгээл сакталбай унаа өткөнгө тоскоол болгон учурлар, айрым жерлерде жаңы асфальттын чети жабылбай суу кире тургандай абалда калганы.
Мэр Алмаз Мамбетов Кең-Сай массивинин инфраструктуралык түзүмүн жакшыртуу боюнча иштин жүрүшүнөн кабар алды
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов 4-ноябрь күнү Ош шаарынын 3,5 миңден ашуун тургунуна турак-жай куруу үчүн жер берилген Кең-Сай массивинин жолун асфальттоо, инфра түзүмүн жакшыртууга көрүлүп жаткан чаралар менен таанышууга, айрым маселелерди адистер менен жеринен кеңешүү үчүн аталган жаңы конушка барды.
Ош шаарынын мэри креативдүү жаштар менен бей формал кырдаалда баарлашты
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов «Мetr» уюмунун чакыруусу менен шаарыбыздагы алдыңкы жаштардын өкүлдөрү менен баарлашты. Жумуш убактысынан кийин болгон жолугушууда жаштар шаарда ар кандай креативдүү идеяларды ишке ашыруу, билимге, жаштарга көңүл бөлүү, шаар көйгөйлөрү, жаштардын маданиятын өстүрүү, билимдүү, өнөрлүү жаштарды колдоого алуу, туризмди өнүктүрүү боюнча ойлорун ортого салышты.
Кайрылуулар
Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары
Муниципалдык кызматтардын базалык р…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...
Муниципалдык кызматтардын стандартт…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...
Фоторепортаждар
Видеорепортаждар
Сурамжылоо
Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?
Добуштардын саны:: 26