Материалы отфильтрованы по дате: Среда, 03 Ноябрь 2021
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Материалы отфильтрованы по дате: Среда, 03 Ноябрь 2021

Бүгүн, 3-ноябрда Ош шаарындагы №30 “Айданек” бала бакчасынын кошумча 100 орундуу имаратынын ачылыш аземи болду. Ага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, бала бакчанын жетекчиси, кызматкерлери, ата-энелер жана жергиликтү тургундар катышты.

Венера Рыскулова шаар мэри Алмаз Мамбетовдун атынан катышуучуларды бала бакчанын ачылышы менен куттуктап, жетекчисине интерактивдүү доска алуу үчүн 50 миң сом акча каражатын тапшырды.
“Баарыбыз билгендей Ош шаарында калктын саны өсүп жаткандыктан, бала бакчанын жетишсиздиги учурда чоң көйгөй болуп келүүдө. Ага карабастан мына бүгүн биз сиздер менен, жергиликтүү элдин кезектеги көйгөйү чечилип, келечек муундарыбыз болгон ушул аймактын кичинекей тургундары үчүн ушул бала бакчанын кошумча 100 орундуу имаратынын курулуш аяктап, колдонууга берилип жатат. Бул бала бакчада келечекте Кыргызстандын түндүгүн көтөргөн мыкты балдар, кыздар тарбияланып, мекенчил жаштардын өсүп чыксын. Бүгүнкү күндө мындай билим берүү мекемелеринин ачылышы учурдун талабы экендфигин белгилөө менен мамлекетибиздин бекем болушуна, келечек ээлеринин татыктуу инсан катары тарбияланышына бараандуу салым кошуп жаткан атуулдарыбызга терең ыраазылык билдиремин”,-деди вице-мэр.
Аталган бала бакчанын кошумча имаратынын курулушу ушул жылдын январь айында башталып, “Север Юг Строй” ЖЧКсы тарабынан бүткөрүлдү. Курулуш иштерине жергиликтүү казынадан 21 млн сомдон ашык акча каражаты сарпталды.
Айта кетсек, учурда шаарда дагы эки бала бакчанын курулушу жүрүп жатат.
Жарыяланган категория Жаңылыктар

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов 3-ноябрь күнү Ош шаарындагы шайлоо тилкелеринин келе жаткан парламенттик шайлоого даярдыгын көрүп чыкты.

Калаа башчысы өз кыдыруусунда ар бир аймактык башкармалыктын бирден шайлоо участогун көрдү. Алардын ичинде #5278, #5900, #5274, #5555, #5310, #5324, #5321 участкалык шайлоо тилкелеринде болгондо интернет байланышынын, жылуулуктун болушуна, алтернативдик энергия булактары менен камсыздалышына өзгөчө маани берилип, тапшырмалар коюлду.
Мэр өз сөзүндө участкалык шайлоо тилкелеринде даярдык жакшы экенин жана керектүү жабдуулар менен камсыздоо өз убагында дагы жүрөөрүн айтты. Шайлоо өткөрүү боюнча штабдын мүчөлөрүнө айрым жетишпегендиктерди жоюу боюнча тапшырмаларды берди.
"Биз шайлоодо кемчиликтерди кетирбешибиз керек. Административдик ресурсту колдонуу боюнча сөз да болушу мүмкүн эмес. Бүгүнкү күндө алдын алуучу чаралар катары аймактык башкармалыктын айрым жетекчилери ротацияланды, жетекчилерге, квартал, үй башчыларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Эгерде кайсы бир кызмат адамдары мыйзамдан чыгып шайлоого аралашса, мыйзам чегинде катаал чаралар көрүлөт"-деп кошумчалады А.Мамбетов.
Ош шаарында шайлоо тилкелерининин басымдуу көпчүлүгү билим берүү мекемелеринде жайгашкан. Даярдык иштери алдыда дагы көзөмөлдөнүп турмакчы. 
Жарыяланган категория Жаңылыктар

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Ноябрь 2021 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30          
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

Учурда Ош шаарынын туристтик бренди туризм тармагындагы абро...

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан…

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм…

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык муниципалдык ме...

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош шаарынын Асранкулов көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолду...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });