Материалы отфильтрованы по дате: Среда, 17 Ноябрь 2021
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Материалы отфильтрованы по дате: Среда, 17 Ноябрь 2021

Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова «ТОП Интернешнл Инжиниринг Корпорация Лимитед» компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү Чжан Сиянь менен жолугушту. Жолугушууда вице-мэр мэр Алмаз Мамбетовдун атынан аталган компанияга ыраазычылыгын билдирди жана мэриянын Ардак грамотасын тапшырды. Ошондой эле, Саламаттык сактоо министрлигинин Оштогу координатору Кыялбек Ташполотов тарабынан Ардак грамота ыйгарылды.

Эскерте кетсек, «ТОП Интернешнл Инжиниринг Корпорация Лимитед» компаниясынын өкүлчүлүгү тарабынан Оштогу Ак-Тилек кичи шаарчасына 150 орундуу оорукана түптөлгөн болчу.
Жарыяланган категория Жаңылыктар

Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова тийиштүү тармактардын жетекчилери менен биргеликте жыйын өткөрдү. Анда балдар арасындагы кылмыштуулуктун, суициддин алдын алуу, билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, билим берүү мекемелериндеги коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу маселеси көтөрүлдү.

Ош шаардык прокуратурасынын өкүлү Өмүрбек Жужуров бул багытта аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Ошону менен катар вице-мэр алдыда өтүүчү шайлоодо мыйзам бузуучулукка жол бербөөгө чакырып, муниципалдык кызматкерлердин үгүт иштерине аралашуусуна чара көрүлө турганын эскертти. 
Жарыяланган категория Жаңылыктар
Эртең, 18-ноябрь саат 11:00дөн баштап Ош шаарындагы Шакиров – Монуев – Алимжанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги светофорлордун циклдары өзгөртүлөт. Буга чейин мэр Алмаз Мамбетовдун буйругуна ылайык атайын адистер тарабынан унаа кыймылы көп болгон кесилиштер такталып чыккан. Жол тыгындарынын пайда болушун жоюу максатында кесилиштердеги жол чырактардын иштөөсүнө убактылуу өзгөртүү киргизилүүдө. Бул өзгөртүү Масалиев, Ленин, Курманжан-Датка, Касымбеков көчөлөрүнө да тиешелүү.
Жарыяланган категория Жаңылыктар

Бүгүн, 17-ноябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Россия Федерациясынын Ош шаарына жаңы дайындалган башкы консулу Андрей Бибишев менен жолугушту.

Жолугушуунун алкагында тараптар биргеликте кызматташууну күчөтүү, ар түрдүү тармактардагы аракеттерди жакшыртуу багытында талкуулашты.
Ага улай шаар башчысы жаңы дайындалган консулдун ишине ийгилик каалап, башкы консул болуп дайындалышы менен куттуктады.
Жарыяланган категория Жаңылыктар

Азамат Жээнбеков Ош шаарынын мэриясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка мэр Алмаз Мамбетов кол койду.

Бүгүн жаңы жетекчи мэриянын аппаратына тааныштырылып иш баштады. 33 жаштагы Азамат Жээнбеков эки жогорку билимдин ээси. 2011-2019-жылдары 7-каналда, 2019-2021-жылдары Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы Маалымат борборунун директору болуп иштеген.
Жарыяланган категория Жаңылыктар

Урматтуу Ош шаарынын жаштары, студенттер!

Студенттик кез бул өмүрдүн жазы, иштесең ишке, ырдасаң ырга, билимге тойбогон керемет учур!
Андыктан студент - жаштар жалпыңыздарды бүгүнкү 17-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнү менен Ош шаарынын мэриясынын жана өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм!
Жаштар- бул өлкө келечеги. Жаштар — коомубузду жаңылоонун, өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги кыймылдаткычы.
Учурдун жаштары — активдүү, илим-билимге жакын, жаңылыктарды жаратууга умтулган, аракетчил муун катары жетилип келе жатат. Татыктуу билим алып, билим аркылуу өлкөнүн өнүгүүсүнө зор салым кошуу силердин эң негизги максатыңар болуусу абзел.
Ош шаарынын мэриясы жаштар, студенттер тарабынан көтөрүлгөн кандай гана демилге болбосун аны бирдиктүү иш жүзүнө ашырууга даяр! Биздин ар бир аракетибиз жаштар үчүн, келечек муун үчүн.
Баарыңыздарга бекем ден-соолук, бактылуу өмүр жана бакубат турмуш каалайм! 
Жарыяланган категория Жаңылыктар

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Ноябрь 2021 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30          
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

Учурда Ош шаарынын туристтик бренди туризм тармагындагы абро...

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан…

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм…

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык муниципалдык ме...

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош шаарынын Асранкулов көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолду...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });