Материалы отфильтрованы по дате: Пятница, 12 Ноябрь 2021
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Материалы отфильтрованы по дате: Пятница, 12 Ноябрь 2021

Бул тууралуу Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев 12-ноябрда мэриянын коллегиялык жыйынында билдирди.

Жыйында шаардын экономика тармактарын жана калкын 2021-2022-жылдардагы күзгү-кышкы мезгилине даярдыктарды көрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө вице-мэр Сонунбек Жунусбаев маалымат берди.
«Жылытуу сезонуна карата даярдык көрүү иштери бекитилген иш- чараларынын негизинде аткарылып, Ош шаарынын мэриясынын буйругунун негизинде 2021-жылдын 22-октябрынан баштап керектөөчүлөргө жылуулук берүү башталды.
Шаарды жылуулук менен негизинен Оштогу жылуулук электр борбору жана Ош муниципалдык «Жылуулуккамсыздоо» ишканасы камсыз кылат.
Оштогу жылуулук электр борборунда 2021-жылдын 1-ноябрына карата 3 даана буу казандар толугу менен жылуулук берүүгө даярдалып, 22-октябырдан шаарыбыздын тургундарына жылуулук берүү башталып, учурда 36 билим берүү, 12 саламаттыкты сактоо, 8 жогорку окуу жайын, 5 өнөр-жай мекемелери жана 289 көп кабаттуу үйлөрдү, ж.б. 248 мекемелерди жылуулук менен камсыз кылууда.
Оштогу ЖЭБнин балансында узундугу 58,757 км тармактары бар, анын ичинде: магистралдык – 29 711 км, кварталдык – 29 046 км жылуулук тармактарды түзөт. Ал магистралдык жана кварталдык тармактарынын 785,0 п.м. кубурлары капиталдык жана күндөлүк оңдоодон өткөрүлүп, алмаштырылды. Ошону менен бирге 661,78 кв.м. кварталдык жылуулук сактоо (теплоизоляция) жумуштары аткарылып, жалпысынан жылуулук тармактарынын 1047 даана бекитме арматуралары текшерилип, күндөлүк оңдоодон өткөрүлдү.
Мазут даярдоо иштери боюнча 2021-жылдын 1-ноябрына карата “Кыргызнефтегаз” ААКы тарабынан түзүлгөн эки тараптуу келишимдердин негизинде көлөмү 8835,0 тонна мазут отунун ташылынып келинип (35,3%) түздү. Андан тышкары «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коому менен 3,0 млн. м3 жаратылыш газын алууга келишим түзүлдү.
2021-жылдын 11-ноябрына карата мазуттун калганы 8358,0 тонна.
Ош муниципалдык «Жылуулуккамсыздоо» ишканасыда 90 отканасы бар. Анын ичинен 20 откана электр энергиясы, 70 откана көмүр менен иштетилет.
2021/2022-жылдардагы жылуулук мезгилине даярдык көрүү боюнча, үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына карата графикте көрсөтүлгөн 90 откана толугу менен жылуулук берүүгө даярдалып, 2021-жылдын 21-октябрыдагы №384-б буйругунун негизинде шаарыбызга жылуулук берилип, учурда 86 откана иштеп, жалпысынан 303 көп кабаттуу үйлөрдү, 35 мектепти, 28 балдар бакчасын, 11 дарылоо мекемесин, 9 жогорку окуу жайын, бардыгы болуп 97 мекемени жана 245 жеке менчик үйлөрдү жылуулук менен камсыз кылууда.
2021-жылдын 11-ноябрына карата көмүрдүн калганы 7301,0 тонна.
“Ош шаардык жолдор” муниципалдык ишканасы күз-кыш өнөктүгүн өткөрүү боюнча ош шаарында 695 километр жол бар. Анын 630 километри Ош шаарынын карамагында, 57 километри транспорт жана жол министрлигинин карамагында, 7,85 километри Карасуу районунун карамагына кирет. Шаардын жолдору төрт участкага бөлүнүп, жолдорду кар-муздан тазалоо боюнча атайын техникалары бар төрт ишканага бекитилип берилген. Алар: “Ош-Тазалык” атайын адистештирилген муниципалдык ишканасы – 53,2 километрди тазалайт, “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасы – 33 километр жолду тазалайт, ДЭП-21 жолдорду тейлөө ишканасы – 47,8 километрди, “Ош шаардык жолдор” муниципалдык ишканасына 2 участокко бөлүнгөн жалпы узундугу – 33,2 километр. Жалпы 167,2 километр жолдор түзөт.
Кыш мезгилинде сарпталган каражат аба-ырайына байланыштуу болот. Ар бир жолу чыгып себилген туздун көлөмү 10-15 тоннаны түзөт, орто эсеп менен жылына 100-110 тоннадай техникалык туз, ошондой эле 15-20 тонна кум себилет. Азыркы учурда ишканада туздун калган көлөмү 3 тоннаны түзөт. Техникалык туздун 1 тоннасынын орточо баасы 80,0-88,0 миң сом, ал эми кумдун орточо баасы 20,0-25,0 миң сомду түзөт. Ишканада атайын кар-муздан тазалоого эки даана кар сүрүүчү техника керектелет. Техникалык туз жана кум себүү үчүн эки даана камаз, бир даана Исузу манипулятор автоунаасы, жумушчуларды ташууга бир даана портер, кум жана туз жүктөөгө бир даана эксковатор, бир даана автогрейдер техникаларын күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүүгө даярдоо жумуштары аткарылып жатат.
ДЭП-21 ишканасында кар сүрүү үчүн 4 атайын техника, туз чачуугу ж.б. иштерге 4 техника даярдалган. Учурда 15 тонна туз жана 500 тонна материалдар даярдалды.
“Ош-Тазалык” атайын адистештирилген муниципалдык ишканасында кар сүрүү үчүн 4 атайын техника, туз чачуугу ж.б. иштерге 4 техника даярдалган. Учурда 8 тонна туз жана 26 тонна кум даярдалды.
“Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасында 3 кар сүрүүчү, 4 кум чачуучу жалпысынан 7 техника даярдалууда. Азыркы учурда туздун 2 тонна, кумдун 10 тонна калдыгы бар. Күнөскаларды жылытууга керектүү өлчөмдө (91,3 тонна) көмүр даярдалды. Жолдорго чачылуучу техникалык тузду жана кумду, техникалардын күйүүчү, майлоочу заттарды жана запастык тетиктерди сатып алууга акча каражаты чечилсе, сатып алуу үчүн тендерлер жарыяланат.
Жылытуу сезонун өз деңгээлинде өткөрүү ар дайым мэрия тарабынан көзөмөлгө алынып, тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат»,-деди вице-мэр С.Жунусбаев.
Жарыяланган категория Жаңылыктар

Бүгүн, 12-ноябрда Ош шаарынын мэриясынын кезектеги коллегиялык жыйыны болуп өттү. Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, вице-мэрлер, шаардагы мекеме ишканалардын жетекчилери, муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары катышты.

Жыйында Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн
2021-жылдын 9 айындагы жыйынтыктары жана IV кварталына карата милдеттер, шаардын экономика тармактарын жана калкын 2021-2022-жылдардагы күзгү-кышкы мезгилине даярдыктарды көрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө маселелер каралып, талкууланды.
Биринчи маселе боюнча Ош шаарынын мэриясынын экономика, каржы бөлүмүнүн башчысы Талант Кайымов маалымат берди.
«2021-жылдын 9 айынын жыйынтыгында 2020-жылдын 9 айына салыштырмалуу бардык тармактарда өсүү темпи менен жыйынтыкталды. Себеби, былтыркы жылы пандемия учурунда өзгөчө кырдаал режими киргизилип, көптөгөн чарба жүргүзүүчү субьекттердин ишмердүүлүгү токтотулган жана шаардын экономикасына терс таасирин тийгизген.
Өнөр жай ишканалары тарабынан 2021-жылдын январь-сентябрында 3 млрд. 776 млн. 860 миң сомдук продукция өндүрүлүп, 2020-жылдын январь-сентябрына карата физикалык көлөмдүн индекси 109,6 пайызды(%) түзгөн.
Айыл чарба продукциясынын дүң чыгарылышы отчеттук мезгилде 1 млрд. 206 млн. сомду, физикалык көлөмдүн индекси 100,8 пайызды түзгөн.
Курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 2021-жылдын январь- сентябрында 3 млрд. 93 млн. 350 миң сомду түзүп, 2020-жылдын январь-сентябрына салыштырганда 17,6 пайызга жогорулаган. Негизги капиталга инвестицияны өздөштүрүүнүн деңгээли 2020-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 21,5 пайызга көбөйүп (салыштырмалуу баада), 1 млрд. 871 млн. 402 миң сомду түзгөн. Республикалык бюджеттин эсебинен төлөнүүчү социалдык жөлөк пулдар, женилдиктердин ордуна акчалай компенсациялар, пенсиялар жана башка төлөмдөр өз убагында төлөнгөн жана карыз жок.
Жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акылары толугу менен төлөнүп берилип, 2021-жылдын 1-ноябрына эмгек акы жана социалдык фондго чегерүүдөн, ошондой эле биринчи кезектеги беренелерден карызы жок жыйынтыкталды»,-деди Т.Кайымов.
Жарыяланган категория Жаңылыктар

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Ноябрь 2021 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30          
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

Учурда Ош шаарынын туристтик бренди туризм тармагындагы абро...

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан…

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм…

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык муниципалдык ме...

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош шаарынын Асранкулов көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолду...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });