Версия для печати
Вторник, 29 Май 2018 09:19

1- июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

1- июнь  Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган  маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси:

1.  9.30  “Аяр бала”  балдардын  ден- соолугун  калыбына  келтирүү борборунда майрамдык оюн- зоок уюштурулат.  Атайын белектерди  тапшырылат.

“АЛЫМБЕК ДАТКА” этнографиялык   борборунда өткөрүлүүчү иш- чаралар:

Саат 10.00 тарта “АЛЫМБЕК ДАТКА” этнографиялык   борборунда уюштурулган иш-чара ойлоп табуучу балдардын эмгектеринин көргөзмөсү менен башталат. Андан соң балдардын сүрөт көргөзмөсү, балдардын ата- энелери менен өкөрүлгөн  спорттук таймашы өткөрүлөт. Анда катышуучуларга атайын  белектер тапшырылат. Ошондой эле, Ош шаарындагы “Келечек” балдар чыгармачыл борбору тарабынан уюштурулган чоң программадагы концерт жана оюн-зооктор келгендерге тартууланат. Конкурстар уюштурулуп, Ош шаарынын мэриясынын атынан катышуучуларга баалуу белектер тапшырылат.

Саат 10:50дө   “Футбол академиясынын” спорт  талаасында балдар менен  футбол  оюну өкөрүлөт. (атайын  белектерди  тапшыруу)

Саат 12.00до  “ДЕЛЬФИН” сууга сүзүү  борборунда Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулган оюн-зоок программалар тартууланып, жайкы сезондун ачылышы болот. Ага “ Алтын уя”, “Лотос” балдар уйуну, “ Көрүүсү жана угуусу начар балдар  интернатынын” тарбиялануучуларынын катышат. Атайын даярдалган белектер тапшырылат.

Саат 10.00до “АТА-ТҮРК” сейил  багында Ош билим берүү башкармалыгы тарабынан балдарга арналган оюн- зоок программа өтөт. Ага  В. Терешкова атындагы мектеп- интернатынын балдарынын катышат.

Саат 10:00до “И. РАЗЗАКОВ” атындагы  сейил  багында да Ош шаарынын мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитети тарабынан даярдалган майрамдык иш- чара тартууланат. Анда кичинекей бөбөктөр жөрмөлөп жарышат.

Ош шаарынын мэриясы

 

 

 

Окулду 8114 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо