Материалдар
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Бүгүн, 27-июлда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссары Кайрат Абдрахманов менен жолугушту.
Мэр өз сөзүндө Кайрат Абдрахмановду жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады. Ага улай көп улуттуу элдин ынтымагын жана биримдигин чыңдоо, “Кыргыз жараны” программасынын алкагында шаарда жүргүзүлүп жаткан иштерге жана багыттарга токтолду.
“Улуттар аралык ынтымакты, коомдо тынчтыкты жана биримдикти чыңдоо, жашаган этностордун маданиятын, каада-салтын сактоого көмөк көрсөтүү боюнча иш-чаралардын алкагында Кыргызстан элинин ассамблеясынын Оштогу бөлүмү менен биргеликте бир топ иштер аткарылып жатат. Алардын базасында 14 улуттук маданий борборлор иштейт”, - деди А.Мамбетов.
ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссары Кайрат Абдрахманов өз кезегинде Ош шаарында этностор аралык мамилелерди өнүктүрүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштерди жогору баалап, бул багыттагы долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
А.Мамбетов Жогорку комиссардын аппаратына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.
Ошондой эле Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын Ош шаарындагы бөлүмүнүн бардык улуттук маданий борборлорунун жетекчилери менен жолугушуу жана пикир алмашуу болду.
ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссары Кайрат Абдрахманов Ошко келди. Ош шаарынын эл аралык аэропортунан аны калаанын биринчи вице-мэри Марс Исаев, КРнын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы Мээримбек Апышов тосуп алды.
Абдрахмановдун Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов жана КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолугушуусу пландалууда.
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун демилгеси менен “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасы Кыргызстанда биринчи жолу сорттоочу контейнерлер менен тиричилик таштандыларын чогултуу үчүн стационардык аянтчалардын жаңы долбоорун ишке киргизди.
“Ош-Тазалык” ишканасынын жетекчиси Нурбек Исмаиловдун айтымында, бул пилоттук долбоордун алкагында эки стационардык участок орнотулат, анда туруктуу негизде диспетчер жайгашып, тиричилик таштандыларын сорттоп, курулуш жана соода калдыктарын уруксатсыз чыгаруу маселесин көзөмөлдөйт.
Бул долбоор менен Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев таанышып, анын шаардагы экологиялык абалды жакшыртуудагы маанисин белгиледи.
Жалпысынан мындай стационардык участоктордон 10го жакын орнотуу пландаштырылууда. Бул долбоор ишкана тарабынан өз күчү менен ишке ашырылып, шаардын экологиялык абалын жакшыртууга багытталган.
Ош шаарынын Аматов көчөсүндөгү тротуарды реконструкциялоо иштерине ылайык, тротуарга орнотулган коммерциялык жайлардын тирөөчтөрүн жана тепкичтерин сүрдүрүү иштери жүрүп жатат. Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан убактылуу жана мыйзамсыз курулган 7 объект алынды.
Белгилей кетсек, мэр Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык, быйылкы жылы калаадагы 38 көчөгө тротуарларды куруу жана реконструкциялоо иштери пландалган.
Бүгүн, 26-июль күнү Ош шаарынын мэриясында жеке маселелер боюнча жарандарды кабыл алуу болду.
Калаа тургундарын вице-мэр Жасур Азимов мэриянын бөлүм башчылары менен бирге кабыл алып, маселелерин укту. Жарандар социалдык көйгөйлөр, материалдык жардам алуу, документ иштери менен кайрылышты.
Ар бир көйгөйдү чечүү боюнча тапшырмалар коюлду.
Исанов жана Масалиев көчөлөрүндө Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын адистери мыйзамсыз жана убактылуу орнотулган тосмолорду, тротуарларда жайгашкан соода объектилеринин тепкичтерин алуу иштерин жүргүзүүдө.
Акыркы эки күндө аталган көчөлөрдөгү тротуарларды реконструкциялоого тоскоолдук жараткан 15ке жакын ар кандай объекттер буздурулду. Масалиев көчөсүндө курулуп жаткан тротуардын узундугу 2500 метр, Исанов көчөсүндөгү тротуардын узундугу 640 метр.
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык, 16-июлдан баштап Ош шаарындагы бардык МАБдарда балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу долбоору ишке ашырыла баштады.
Бул ишемби, жекшемби күндөрү графикке ылайык, “Сулайман-Тоо” жана “Керме-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгында балдар үчүн оюн-зоок программаларын уюштурулду. Анын жүрүшүндө тогуз коргоол, шахмат, шашки, футбол, волейбол өңдүү спорттук мелдештер, концерттик программалар өткөрүлдү.
Мындан сырткары ар бир МАБдагы балдар шаардагы “Дельфин” бассейнине барышты.
Бул иш-чараларга катышуу үчүн калктын аз камсыз болгон, социалдык жактан аялуу катмарындагы балдарга өзгөчө көңүл бурулат, алар МАБ жана тиешелүү социалдык органдар аркылуу чакырылат.
Ош шаарында көрнөк-жарнактарды Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндө” жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын нормаларына келтирүү иштери уланууда.
Ош шаарынын мэриясынын кызматкерлеринен, муниципалдык менчик башкармалыгынын жана тиешелүү муниципалдык аймактык башкармалыктардын адистеринен турган мамлекеттик тил боюнча комиссиясы тарабынан соода объектилериндеги бардык көрнөк-жарнактарды талапка ылайык келтирүү максатында рейд жүргүзүлдү.
Графиктин алкагында “Манас-Ата” жана “Амир-Тимур” МАБдарында 200дөн ашык коммерциялык объектилер текшерилип, анын жүрүшүндө соода жайларынын жана имараттарынын фасадындагы жарнак объекттеринин ар кандай түрлөрүнө, кулактандырууларга, көрнөк-жарнактардагы мамлекеттик тилдин талаптарынын сакталышына өзгөчө көңүл бурулду.
Рейддердин жыйынтыгында 25тен ашык ишкерге тиешелүү эскертүүлөр берилди. Кошумчалай кетсек, иш-чаранын алкагында тротуарларга орнотулган 20дан ашык жарнак тактайлары (штендер) алынды.
Көрсөтмөлөрдү алып мыйзамдын нормаларын белгиленген мөөнөттө аткарбаган ишкерлерге карата административдик чаралар колдонулуп, жарнактары алынат. Рейддик иш-чаралар шаардын бардык кичи райондорунда улантылат.
2022-2025-жылдарга мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу программасын иштеп чыгуу боюнча иш-чаралардын алкагында Ош шаарынын мэриясынын жумушчу тобу “Туран” МАБында эл менен алгачкы жолугушуусун өткөрдү. Иш-чара калк арасында социалдык маанилүү маселелерди аныктап, Программанын долбооруна киргизүү максатында болду.
Жыйындын алкагында жергиликтүү тургундар балдардын эс алуучу жайларынын (балдар жана спорт аянтчаларынын) жетишсиздиги, ошондой эле эрте никеге туруу, миграция, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы туруу маселелерин талкуулашты.
Жумушчу топтун кезектеги жолугушуусу кийинки жумада “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен өткөрүлөт.
Кандайдыр бир себептерден улам жыйынга катышууга үлгүрбөй калган бардык жарандар өз сунуштарын Ош шаарынын мэриясынын №117 кабинетине, 03222-5-50-66, 0558-93-90-33 телефон номерлери аркылуу калтырса болот.
Ош шаарынын мэриясы эскертет!
Шаардын аймагында аба ырайынын ысык болушуна байланыштуу уруксат берилбеген жерлерде (анын ичинде кооптуу аймактарда) (дарыялар, каналдар, суу сактагычтар) сууга түшкөн жарандардын саны көбөйдү. Кырсыктардын алдын алуу үчүн, тыюу салынган жайлардан абайлаңыздар.
▶️ Андыктан ата-энелерди буга көңүл бурууга чакырабыз. Балдарыңыз менен сууда сүзүү эрежелерин сактоосу жөнүндө баарлашыңыз.
▶️ Балдардын коопсуздугу үчүн аларды суунун жанында кароосуз калтырбаңыз.
▶️ Балдар белгиленбеген жерлерде сууга түшпөшү керек!
▶️ Жашы жете электердин коопсуздугун сактап, этият болуңуз!

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Февраль 2023 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28          
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

Мэр менен төрага курулуш компанияла…

Мэр менен төрага курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугушту

Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын мэриясында Баткен облусунда б...

Ош шаарынын кооздугун даңазалаганда…

Ош шаарынын кооздугун даңазалагандар сыйланды

      Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов ...

Ош: Жаңы автобустар тапшырылды

Ош: Жаңы автобустар тапшырылды

Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы сатып...

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

Учурда Ош шаарынын туристтик бренди туризм тармагындагы абро...

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });