Материалдар
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook

Бүгүн, 19-октябрда “Керме-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгында Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын элдик курултайына делегаттарды шайлоо боюнча жыйын өттү.

Жыйынга Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, депутаттардан Назима Алмазбек кызы, Канжарбек Мамашов катышты.
Бул МАБдан катышуучулардын ачык добушу менен 75 делегат шайланды. Белгилей кетсек, ушундай эле жыйын эртең, 20-октябрда “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгында өтөт.

 

18-октябрда Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын элдик курултайына делегаттарды шайлоо боюнча “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгында жыйын өттү.
Ага Ош шаардык Кеңешинин депутаттары Нуркыз Кадырбек кызы, Дамира Абдибаева, Эмилбек Раимов, Роза Жоошбаева, Нурислам Каримовдор катышты.
Жыйындын катышуучуларынын ачык добушу менен 83 делегат шайланды.
Бүгүн, 13-октябрда Ош шаарынын мэриясында шаардагы мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктаган иш-чара өттү.
Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова мэр Алмаз Мамбетовдун атынан мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын билим берүү тармагын өнүктүрүүгө жана келечек муундарды тарбиялоого кошкон салымын белгиледи.
Ошону менен бирге, быйылкы жылы мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктоо Баткен облусундагы окуяларга байланыштуу жылдырылганы, кийинки жылы салтанаттуу өткөрүлө тургандыгы айтылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө шаардын билим берүү тармагын өнүктүрүүгө салым кошкон 70тен ашык мугалимдер Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйланышты.
Урматтуу Ош шаарынын тургундары!
Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 21-сентябрындагы №62 “Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын элдик курултайын өткөрүү жөнүндө” токтому менен муниципалдык аймактык башкармалыктарда жана Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын Элдик Курултайына делегаттарды шайлоо боюнча чогулуштарды өткөрүүнүн бекитилген графигине ылайык өткөрүү орду/жери жана убактысы такталды.
1. “Туран МАБда” 17-октябрь, саат 10:00 - Туран кичи району Королёв көчөсү, №41, Х.Абдуллаев атындагы мектебинин актовый залы.
2. “Сулайман-Тоо” МАБда 18-октябрь, саат 10:00 - Атабаев көчөсү, №9 Рудаки атындагы гимназия мектебинин актовый залы.
3. “Керме-Тоо” МАБда 19-октябрь, саат 10:00 - Т.Кулатов кичи району, №14 К.Алтыбаев атындагы мектебинин актовый залы.
4. “Манас-Ата” МАБда 20-октябрь, саат 10:00 - У.Салиева көчөсү 44 дареги, №38 Б.Алыкулов атындагы гимназия мектебинин актовый залы.
5. “Амир-Тимур” МАБда 21-октябрь, саат 10:00 - Амир-Темир кичи району, Целинная көчөсү, №1 Федченко атындагы орто мектебинин актовый залы.
6. “Курманжан-Датка” МАБда 24-октябрь, саат 10:00 - А.Масалиев кең көчөсү 37, №18 А.Навои атындагы мектебинин актовый залы.
7. “Жапалак” айылдык аймактык башкармалыгы 25-октябрь, саат 10:00 - Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын маданият үйү. Дареги: Керме-Тоо айылы, Араван тракт 6 км.
Урматтуу шаар тургундары, Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын жыйындарына/чогулуштарына активдүү катышууга чакырабыз.
Курултайдын жалпы делегаттарынын саны 500 деп белгиленген. Жарандардын жыйындарында элдик курултайга делегаттыкка талапкерлерди көрсөтүү укугуна жергиликтүү жамааттардын бардык мүчөлөрү, уюмдар, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары, саясий партиялар жана тийиштүү аймактын башка өкмөттүк эмес уюмдары ээ.
Алымбек-Датка этнографиялык комплексинин аймагында “Креативдүү технологиялардын кербени” эл аралык фестивалынын алкагында Чыгыш базары иш-чарасы өттү.
Бул жерде Кыргыз Республикасынын бардык аймактарынан, ошондой эле Россия, Беларусь, Казакстан, Өзбекстандан келген фестивалдын катышуучуларынын кол өнөрчүлөрүнүн көргөзмөлөрү коюлду. Чыгыш базарынын алкагында элдик көркөм кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар уюштурулду.
Иш-чаранын ачылышына КР Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов, Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова катышты. Фестиваль жаштардын флешмобу менен коштолуп, чогулгандар Ош палоосунан ооз тийишти.
Белгилей кетсек, Чыгыш базарынан чогулган каражат Баткен окуясында жабыркагандарга которулат.

Бүгүн, 17-октябрда Ош шаарында Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттын жыйындарын өткөрүү иштери башталды. Графикке ылайык, биринчи жыйын “Туран” МАБда өттү. Иш-чарага Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, шаардык кеңештин депутаттары А.Айтбаев, Б.Баетов, Х.Исамова, А.Раимбердиева катышты.

Жыйындын жүрүшүндө аксакалдар, жарандык активисттер, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнөн Элдик Курултайга 59 делегат ачык добуш берүү менен шайланды.
Белгилей кетсек, ушундай эле жыйын эртең, 18-октябрда “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгында өтөт. 

Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын Элдик Курултайына делегаттарды шайлоо боюнча чогулуштар графикке ылайык өткөрүлүүдө. Буга чейин “Туран”, “Сулайман-Тоо” жана “Керме-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыктарында жыйындар өтүп, делегаттар шайланды.

Алдыда дагы башка МАБдарда иш күндөрү улантылат. Бардык жерде жыйындар саат 10:00дө башталат.
“Манас-Ата” МАБда 20-октябрь, саат 10:00 - У.Салиева көчөсү 44 дареги, №38 Б.Алыкулов атындагы гимназия мектебинин актовый залы.
“Амир-Тимур” МАБда 21-октябрь, саат 10:00 - Амир-Темир кичи району, Целинная көчөсү, №1 Федченко атындагы орто мектебинин актовый залы.
“Курманжан-Датка” МАБда 24-октябрь, саат 10:00 - А.Масалиев кең көчөсү 37, №18 А.Навои атындагы мектебинин актовый залы.
“Жапалак” айылдык аймактык башкармалыгы 25-октябрь, саат 10:00 - Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын маданият үйү. Дареги: Керме-Тоо айылы, Араван тракт 6 км.
Урматтуу шаар тургундары, Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын жыйындарына/чогулуштарына активдүү катышууга чакырабыз.
Курултайдын жалпы делегаттарынын саны 500 деп белгиленген. Жарандардын жыйындарында элдик курултайга делегаттыкка талапкерлерди көрсөтүү укугуна жергиликтүү жамааттардын бардык мүчөлөрү, уюмдар, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары, саясий партиялар жана тийиштүү аймактын башка өкмөттүк эмес уюмдары ээ.

Бүгүн, 19-октябрда Ош шаарынын мэриясында Кыргыз Республикасынын Социалдык коргоо жана профсоюздар кызматкерлеринин күнүнө карата сыйлоо иш-чарасы болуп өттү.

Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев катышып, социалдык кызматкерлердин ишинин татаалдыгын белгилеп, ыраазычылык билдирди.
Иш-чаранын алкагында күжүрмөн эмгеги менен айырмаланган 15ке жакын социалдык кызматкерлер Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйланышты. Ошондой эле, бир катар социалдык кызматкерлерди Ош областтык профсоюздар комитети тарабынан куттукташты.
Кыргыз Республикасынын Социалдык коргоо жана профсоюздар кызматкерлеринин күнү жыл сайын белгиленет.
Белгилей кетсек, быйылкы жылы социалдык кызматкерлерди колдоонун алкагында Ош шаарынын мэриясы тарабынан жергиликтүү бюджеттен 3000 сом өлчөмүндө жөлөк пул бөлүнгөн. Аны менен бирге мэриянын демилгеси менен ар бир социалдык кызматкер муниципалдык коомдук транспортто акысыз жүрөт.
Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын мэриясында Баткен облусунда болуп өткөн окуяларда жардам көрсөткөн калаадагы курулуш компанияларын сыйлоо иш-чарасы өттү. Иш-чарага мэр Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, облустук архитектура башкармалыгынын башчысы Алтынбек Токошев, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык агенттигинин өкүлдөрү, Ош шаарындагы курулуш компанияларынын жетекчилери катышты.
Алмаз Мамбетов курулуш компаниялары Баткен элине каржылык жана гуманитардык жардам берүүдө четте турбай салым кошконун белгиледи. Андан соң шаардагы 30га жакын курулуш компаниялардын жетекчилерине Ош шаарынын мэриясынын ыраазычылык баракчалары жана белектери тапшырылды.
Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн айланасын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин күчөтүү, сырткы фасадына көңүл буруу, түнкү жарыктандырууларды орнотуу зарылдыгы айтылды. Калаанын борбордук бөлүгүнөн сырткары кичи райондорго жана шаардын чет жактарына көп кабаттуу үйлөрдү курууга басым жасоо маселеси көтөрүлдү.
Курулуш компаниялары бул демилгелерди кубаттады.

 

 

 

Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов калаанын кооз көрүнүшүн, өзгөчөлүктөрүн, жашоосун сүрөткө, видеого тартуу менен интернет тармагына жайылтуу аркылуу туризмдин өнүгүшүнө салым кошкондорду сыйлады. Аларга Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы жана бренди тапшырылды.
Мэр өз сөзүндө туризмдин өнүгүшүнө салым кошуп жаткандары үчүн ыраазычылыгын билдирди.
“Мен баарыңыздарга ыраазычылык билдирем. Бул иш-чараны Ош шаарынын күнүнө карата пландаганбыз. Бирок ошол учурдагы окуяларга байланыштуу өз учурунда ишке ашпай калды. Азыр баары интернет аркылуу маалымат алат. Андыктан сиздер тарткан сүрөт, видеолор, бөлүшкөн маалыматтар ички туризмдин өнүгүшүнө да салым кошууда. Мындан ары да ушул темпте, чыгармачылык аркылуу шаардын өнүгүүсүнө көмөктөшө бериңиздер”, - деп белгиледи мэр.
Аны менен катар чогулгандар шаар тургундарына жана конокторуна шарт түзүү багытында өздөрүнүн сунуштарын мэрге айтышты.

 

 

 

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Февраль 2023 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28          
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

Мэр менен төрага курулуш компанияла…

Мэр менен төрага курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугушту

Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын мэриясында Баткен облусунда б...

Ош шаарынын кооздугун даңазалаганда…

Ош шаарынын кооздугун даңазалагандар сыйланды

      Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов ...

Ош: Жаңы автобустар тапшырылды

Ош: Жаңы автобустар тапшырылды

Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы сатып...

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

Учурда Ош шаарынын туристтик бренди туризм тармагындагы абро...

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });