Мэр 32 жашында каза болгон милиционердин үй-бүлөсүнөн кабар алды
Автор Пресс служба мэрии города ОшОш шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов менен Ош ШИИБнин башчысы Мурат Боронов 32 жашында каза болгон Чыңгызбек Оморовдун үй-бүлөсүнөн кабар алып, жакындарына көңүл айтышты.
Маркумдун элесине багышталып куран окулду. Чыңгызбек Оморов ИИМдин жол кыймылынынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын Ош шаары боюнча бөлүмүндө взвод командири болуп турган.
Милициянын ага лейтенанты. Артында 2 кыз, 1 уулу калды.
Курулуш компаниясы 6 даана кычкылтек концентраторун жардам катары берди
Автор Пресс служба мэрии города Ош“Сапат Global” курулуш компаниясы Ош шаарындагы кырдаалды эске алып 6 кычкылтек концентраторун тапшырды. Компаниянын өкүлдөрүн Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов кабыл алып, ыраазычылык билдирди.
Жардамга берилген кычкылтек концентраторлору шаардык клиникалык ооруканасына өткөрүлүп берилди.
Аталган компания буга чейин да коронавируска каршы күрөшүү үчүн ачылган атайын эсепке 150 миң сом которгон.
Мэр дарыгерлерден кабар алып, оору менен көрөшүп жаткандарга витаминдүү азык-түлүктөрдү таратты
Автор Пресс служба мэрии города Ош
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов стационарларда иштеп жаткан медицина кызматкерлеринен кабар алып, көйгөйлөрүн жеринде укту. Мэр жана вице-мэрлер шаардагы бардык изоляция, стационар жана обсервацияда иштеп жаткан дарыгерлерге витамин боло турган мөмө-жемиштерден азык-түлүк таратышты.
Азык-түлүк ооруканалардагы изоляцияларга, поликлиникаларга жана күндүзгү стационарларга жеткирилди.
А. Навои мектебине ачылган стационарда иштеген дарыгерлер мэр менен жолугушууда кир жуугуч машиналардын жоктугунан кыйынчылык жаралганын айтышты. Мэрдин тапшырмасы менен 3 даана кир жуугуч машина аталган стационарга жеткирилди.
Шаар мэри пандемия учурунда күнү-түнү иштеп жаткан медицина кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.
“Ооругандардын саны азайып жатат. Ошентсе да алдын алуу максатында кошумча орундарды даярдап жатабыз. Мен сиздерден атайын кабар алганы келдим. Кандай маселе болсо бизге айткыла. Сиздер элдин ден соолугу үчүн өз өмүрүңөрдү тообокелге салып иштеп жатасыздар”,-деди шаар мэри.
Ош шаарында изоляцияларда 1182 орун даярдалып, 6 стационарда бейтаптар кабыл алынууда
Автор Пресс служба мэрии города ОшОш шаарындагы 18 изоляцияда 1182 орун даярдалган. Бүгүн, 28-июлга карата 625 адам дарланып жатат. Ал эми 570 орундукатар бош.
Маалым болгондой, бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 3 жаран, пневмониядан 40 бейтап айыгып чыкты.
Ал эми күндүзгү 6 стационар иштеп жатат. Анын ичинен 4 стационар бейтаптарды күнү-түнү кабыл алат.
Стационарлар шаардын Т. Кулатов кичи районундагы “Газпром” спорт комплексинде, Манас-Ата кичи районундагы “Каныкей” ресторанында, Алишер Навои мектебинде, Амир-Темирдеги “Дорул-Шифо” жеке клиникасында, Ак-Тилек кичи районундагы Кыргыз-Түрк достук мектебинин спорт залында жана Туран кичи шаарчасындагы медреседе жайгашкан.
Стационарларга бир суткада 354 жаран кайрылды.
Ош шаарындагы саламаттык сактоо мекемелерин күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча жыйын өттү
Автор Пресс служба мэрии города ОшБүгүн, 28-июль күнү Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаевдин катышуусунда саламаттык сактоо мекемелеринин күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча штабдын атайын отуруму болуп өттү. Ага Ош шаарындагы жылуулук берүү ишканаларынын жетекчилери, экологиялык-техникалык испекциянын өкүлдөрү, коммуналдык чарба тармагынын тийиштүү адистери, саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлери катышты.
Жыйындын алкагында вице-мэр комиссиялык топ түзүп, 10 күндүк мөөнөт менен баардык саламаттык сактоо мекемелеринин жылуулук системасын, электр чыңалууларын, тендер менен алынып жаткан көмүр маселелерин текшерип чыгуу талабын койду.
Мындан тышкары, учурда иштеп жаткан күндүзгү стационар, изоляторлор, обсервациялардын абалын карап, күз-кыш мезгилине даярдыктарын көрүп чыгуу пландаштырылды.
“Суук түшкөн учурда Covid-19 илдетин жугузуп алган учурлар көп катталып кетсе эч нерсе кыла албай калабыз. Андыктан алдын алып күз-кыш мезгилине ооруканалардан тышкары даярдалган орундар боюнча текшерүү иштери жүрүп, бир жуманын аралыгында план түзүп, анын негизинде иш жүргүзөбүз”,- деди А. Топчубаев.
Ош шаарында жалпысынан 32 саламаттык сактоо мекемеси бар, алар жылуулук берүү борбору жана жылуулук менен камсыздоо муниципалдык ишканасынан жылуулук алат. Ал эми учурда кырдаалга байланыштуу убактылуу ачылган 16 изолятор, 4 обсервация, 6 күндүзгү стационар иш жүргүзүп жатат.
"Эмаком" курулуш компаниясы медицина тармагын колдоо иретинде 1,5 млн сом которду
Автор Пресс служба мэрии города Ош"Эмаком"курулуш компаниясы коронавируска каршы күрөшүү үчүн ачылган атайын эсепке 1,5 млн сом которду. Аталган компаниянын директору Мелис Джусупов буга чейин 2 бөлмөлүү батирди сатып, акчасы медицина тармагын колдоого жумшала турганын билдирген.
“Колдон келген жардамыбызды беребиз. Четте карап турбайбыз. Бул илдетти биргеликте гана жеңебиз. 2 бөлмөлүү батирдин акчасын котордук”,-деди М. Джусупов.
Компаниянын жетекчилигин шаар мэри Таалайбек Сарыбашов кабыл алып, ыраазычылык билдирди.
“Газпромдун” Оштогу филиалы шаардагы ооруканаларга жардам көрсөттү
Автор Пресс служба мэрии города ОшБүгүн, 27-июлда “Газпром Кыргызстан” ЖЧКнын Оштогу филиалы шаарда жайгашкан ооруканаларга гуманитардык жардамдарын алып келип, Ош шаарынын мэриясына тапшырды. Жалпысынан саламаттык сактоо мекемелерине 20 кычкылтек концентратору, 250 комплект жеке коргонуу каражаттары (СИЗ), 200 даана медициналык атайын бет калкан берилди.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, “Газпром Кыргызстан” ЖЧКнын Оштогу филиалынын жетекчиси Рашид Тагаев, саламаттык сактоонунун Ош шаары боюнча координатору Кыялбек Ташполотов катышты.
Шаар башчысы кайдыгер карабай илдеттен арылуу максатында көрсөтүлүп жаткан жардамдар үчүн ыраазычылык сөзүн айтып, коронавирус жана пневмония жуктуруп ооруп жаткандарга, айыгып кетүү үчүн мыкты шарт болуп жаткандыгын белгилеп өттү.
Ош шаарында жаңы оорукананын курулушу башталды
Автор Пресс служба мэрии города ОшОш шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу башталды. Капсула салуу иш-чарасына премьер-министр Кубатбек Боронов, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жана медицина кызматкерлери катышты.
«Пандемиянын экинчи толкуну боюнча маалыматтар айтылууда. Ошондуктан пайдубалы түптөлүп жаткан жаңы оорукананын курулушун тез, ошол эле учурда сапаттуу бүткөрүү керек. Бул медициналык жай интенсивдүү терапиясы жана реанимациялык орундары менен болот», - деди Өкмөт башчы.
Медициналык жай Ош шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасынын аймагына тез тургузулуучу конструкция менен курулат.
Пайдубал түптөө иш-чарасынын алкагында Өкмөт башчы оорукананын эмгек жамааты менен маектешти, медицина кызматкерлеринин ден соолугун сактоо боюнча мамлекет тараптан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.
“Келечек” базарынын жетекчилиги азыркы кырдаалга байланыштуу 150 миң сом колдоо көрсөттү
Автор Пресс служба мэрии города ОшОш шаарындагы “Келечек” базарынын жетекчилиги коронавируска каршы күрөшүү үчүн ачылган атайын эсепке жардам катары 150 миң сом которушту.
Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов ЖЧК “Келечек” соода комлексинин директору Баатырбек Сопуевди кабыл алып, ыраазычылык билдирди.
Орусиялык дарыгерлер тобу Ош шаарына келди
Автор Пресс служба мэрии города ОшБүгүн, 24-июлда Ош шаарына Россиядан дарыгерлер тобу келишти. Аларды Ош эл аралык аэропортунан Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов менен Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарам укуктуу өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов тосуп алышты.
Кечээ, 23-июлда Бишкекке Башкыртыстандан 50 медицина кызматкери келип, облустарга бөлүнүшкөн. Ошко келген 16 башкыртстандык дарыгерлер Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы ооруканаларда иштешет. Мындан тышкары Москвадан 2 вирусолог да кошо келишти.
Тарых жана маданият
Ошто “Ош Түрк дүйнөсүнүн фотосүрөтчүлөрүнүн көзү менен” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды

Бүгүн, 7-октябрда Оштогу “Алымбек Датка” этнографиялык комплексинде, Түрк дүйнөсүнүн фотосүрөтчүлөрү...
Ош шаарынын борбордук аянтында жаа атуу, тайган жарыш, бүркүт салуу көрсөтүлдү

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын 3019 жылдыгы салтанаттуу белгиленип жатат. Майрамдын негизинде шаарды...
Ош шаарынын 3019 жылдык майрамы белгиленүүдө

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын күнү белгиленип жатат. Майрамдын негизинде Ош шаарынын борбордук аянты...
Ошто белгилүү түрк акыны Ашык Вейселдин 125 жылдыгына арналган фотосүрөт көргөзмөсү өтүп жатат

Бүгүн, 4-октябрда Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университетинде белгилүү түрк акыны Ашык Вейселдин 125 ...
Ошто эл аралык театр фестивалынын ачылыш аземи болду

Бүгүн, 24-сентябрда С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында Кыргыз Республикасынын эл артист...
Ош шаары Улуттук Көчмөндөр оюндарында бир канча номинациялар боюнча 1-орунду багындырды

Талас облусунда өтүп жаткан Улуттук Көчмөндөр оюндарында Ош шаары бир канча сынактардан биринчи орун...
Ошто Токтогул паркы пайдаланууга берилди

Ош шаарында эгемендиктин 28 жылдык майрамы белгиленип жатат. Эгемендүүлүктүн 28 жылдыгына карата Ток...
“Ош- түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” эл аралык иш-чарасынын алкагында өтүүчү “Ош Фест -2019” туристтик фестивалынын программасы

17-август күнү саат 18:00дө Улуу Жибек Жолундагы “Чыгыш кербени” Сулайман-Тоо” музейинин автоунаа то...
“Токтогул паркы өзгөчө эс алуучу жайга айланат”,-Т. Сарыбашов

Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багын реконструкциялоо иштери уланууда. Эс алуу ...
Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эл аралык маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу шааниси менен башталды

Бүгүн, 20-апрелде «Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык маданий иш-чаралары Ош шаарынын мэр...
Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эл аралык маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу шааниси менен башталды

Бүгүн, 20-апрелде «Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык маданий иш-чаралары Ош шаарынын мэр...
Ош: Бир жыл ичинде бир топ эл аралык иш-чаралар өтөт

ТҮРКСОЙго мүчө болгон мамлекеттердин чечими менен 2019-жыл “Ош — түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» де...
Ошто «Эне тил жана Ч.Айтматов» деген теманын алкагында жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн, 7-декабрда Ош шаарында Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына жана «Кыргыз Республикасынын...
Ошто "Ош-Чынгыз Айтматовдун тагдырында" аталышында Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленет

2-3-ноябрь күндөрү Ош шаарында республикалык деңгээлде "Ош-Чынгыз Айтматовдун тагдырында" аталышында...
Ош шаарынын 3018 жылдыгына арналган гала-концертке 15 миңге жакын адам күбө болду

Бүгүн, 5-октябрь Ош шаарынын 3018 жылдыгын белгиленүүдө. Анын негизинде А.Сүйүмбаев атындагы борборд...
Шаар күнүнө карата “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамдык жарманке болуп өттү

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата борбордук аянтта “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамд...
Ошто 13 улуттун өкүлдөрү достукту даңазалаган фестиваль өткөрүштү

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата “Сулайман-Тоо тынчтыктын жана ынтымактын символу” аттуу ...
Чет өлкөнүн маданият кызматкерлери Ош шаарынын күнү менен куттукташты

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров «Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуу...
“Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу” симпозиуму өттү

Бүгүн, 4-октябрда Ош мамлекеттик университетинде “Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу” атт...
Ош шаарында Раимжан Курбановдун адабий-музыкалык кечеси өттү

Бүгүн, 28-сентябрда Ош улуттук драма театрында Раимжан Курбановдун "Улут болсом-тилим менен улутмун"...
Ош шаарынын 3018 жылдыгына карата өтүүчү маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

Ош шаарынын 3018 жылдыгына карата өтүүчү маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси 4-октябрьСаат 10:00...
Ошто Мамлекеттик тил күнү белгиленди

Бүгүн, 21-сентябрда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында 23-сентябрь- Мамлекеттик тил күнү...
Спорттук мелдеш жана концерттик программа - Ошто "Алтынчы күнү кечинде" аттуу майрамдык кече уланууда

Бүгүн, 11-август Ош шаарындагы "Ата-Түрк" эс алуу багында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата "Алтын...
Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата ар ишемби майрамдык иш-чаралар өтөт

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздык күнүнүн 27 жылдыгына карата Ош шаарында 2018-жы...
Ошто футбол фествалы өттү

Бүгүн, Ош шаарында 1-июнь- Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата “Балага жүрөгүбүздү ачалы!” ат...
1- июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси

1- июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлө турган маданий-массалык иш...
Оштон барган делегация Ярославль шаарынын 1008 жылдыгына катышты

26-май күнү Россия Федерациясынын Ярославль шаарынын 1008 жылдыгы салтанаттуу белгиленип, ага Ош шаа...
Ошто Энелердин күнүнө карата жарыяланган конкурстун жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн, 18-майда Ош шаарынын мэриясында энелер күнүнө арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Ош ...
Ошто Энелер күнү салтанаттуу түрдө белгиленди

Бүгүн, 18-майда Ош шаарынын мэриясында энелер күнүнө арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Ош...
Ошто 9-май майрамына карата “Согуш жылдарындагы ырлар” аттуу концерт болду

Бүгүн, 9-май Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата “Согуш жылдарындагы ырлар” аттуу Ош шаарынын маданият...
Ошто Улуу Жениш 73 жылдыгына арналган салтанатка 20 миңден ашуун адам күбө болду

Бүгүн, 9-майда Улуу Жеңиштин 73 жылдык майрамы Ош шаарынын борбордук аянтында жогорку деңгээлде белг...
Ош шаарында 5 миңге чукул адамдын катышуусунда “Өлбөс, өчпөс полк” жөө жүрүшү болду

Ош шаарындагы 9-май Жеңиш күнүнүн 73 жылдыгын майрамдоо "Өлбөс-өчпөс полк" жөө жүрүшү менен башт...
Ош шааарыда Улуу Ата Мекендик согуштун 73 жылдыгын белгилөөгө кызуу даярдык жүрүүдө

9-май күнү саат 8:30да Ош шаарында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгы «Өлбөс,өчпөс полк» менен башталат. Ле...
Ош шаарында 500гө жакын айымдардын катышуусунда “Шайыр апалар” республикалык телефестивалы болду

Бүгүн, 2-май күнү “Алымбек Датка” этнографиялык борборунда “Шайыр апалар” телефестивалынын катышуучу...
Ошто уюштурулган «Шайыр апалар» телефестивалы гала концерт менен жыйынтыкталды

Бүгүн,2-май күнү Ош шаарынын жайкы сахнасында “Шайыр апалар” телефестивалы катышуучулардын гала кон...
Ошто Чернобыль апаатынан курман болгондор эскерилди

Бүгүн, 26-апрель күнү Ош шаарында өткөн кылымдын эң ири кырсыктарынын бири Чернобылдагы жардыруудан ...
Ош шаарынын мэри Өзбекстандын келген делегацияны кабыл алды

Бүгүн, 26-апрель күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Өзбекстандын өкмөтүнүн жана жазуучулар сою...
Ош: Шаар четиндеги аймактарды өнүктүрүү мэрдин негизги кадамдары

Бүгүн, 18-апрель күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев мекеме-ишканалардын жетекчилери, күч түзүм...
Ош шаары менен Ярославль шаарынын ортосундагы достук келишимине кол коюлду

Кечээ, 11-апрель күнү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан “Мыкты муниципалдык практик...
Ош шаары Эл аралык форумда улуттар алалык мамилелер боюнча “Мыкты муниципалдык практика” номинациясын алды

Бүгүн, 11-апрель күнү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында мыкты муниципалдык практикалардын маара...
Ошто Ак-Буура дарыясынын үстүнө жайкы сахна курулду

Бүгүн, 29-мартта Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын үстүнө курулган жайкы сахнанын ачылыш аземи болду....
Ош шаарында Ноорузга карата уюштурулган кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү аныкталды

Бүгүн, 21-март күнү Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрнда Ош шаарынын мэриясы, маданият...
Ош: Борбордук аянттагы Нооруз шаңына 10 миңден ашуун адам күбө болду

Бүгүн, 21-март - “Нооруз-2018” майрамы шаардын борбордук аянтында салтанаттуу түрдө белгиленди. Ага ...
Оштогу окуу жайларда Нооруз майрамына карата “Сармерден” оюну өттү

Бүгүн, 20-мартта Оштогу жогорку жана орто окуу жайлардын кызматкерлери жана студенттери тарабынан Но...
Ош шаарынын аймактык кеңештеринде Нооруз майрамын карата иш-чаралар башталды

Бүгүн, 20-март күнү Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Курманжан-Датка аймактык кеңешине...
Ошто Нооруз майрамына карата бир нече мекемелердин кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 20-март Ош шаарында бир нече мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери шаардын өнүгү...
Ош шаарынын делегациясы Андижан шаарындагы Нооруз майрамдык иш-чарасына катышты

Бүгүн,19-мартта Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жетектеген чакан делегация кошуна Өзбекстандын А...
Ошто "Нооруз-2018" элдик майрамын өткөрүүгө кызуу даярдык жүрүүдө

Ош шаарында “Нооруз-2018” элдик майрамын өткөрүү боюнча борбордук аянтта кызуу даярдык жүрүүдө. А...
Ошто 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү

Бүгүн, 6-мартта Ош шаарынын мэриясы тарабынан 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык са...
Ак калпак күнүнө карата ШТКлар арасында Ош шаарынын мэринин кубогу ойнотулду

Бүгүн, 5- март күнү С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрнда шайыр тапкычтар клубтарынын арасын...
Ош шаарында ак калпак күнү жаштардын флешмобу жана жөө жүрүшү менен коштолду

Бүгүн, 5-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында ак калпак күнү салтатанттуу белгиленди. Ага Ош шаа...
Ош шаарында мамлекеттик туу күнү белгиленди

Бүгүн, 3-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символу Туунун ...
Ошто Эл аралык эне тил күнү белгиленди

Бүгүн, 21-февралда Оштогу Кыргыз-Өзбек Университетинде Эл аралык эне тил күнү белгиленди. Иш-чарага...
Өзбекстандан келген делегация Оштогу курулуштар жана ишканалар менен таанышты

Бүгүн, 9-февралда Ош шаарына Кыргызстандын Экономика министри Артем Новиков жана Өзбекстандын тышкы ...
А.Кадырбаев: Ош шаарында товар жүргүзүүнүн көлөмү 2017-жылы 270 млн. долларга жеткен

Бүгүн, 9-февраль күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Өзбекстан Республикасынын Тышкы соода мини...
Оштун жаш музыканттары “ART-PREMIUM” Эл аралык сынагында жеңүүчү болушту

Бүгүн, 18-январда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Казакстандын Астана шаарында өткөн “ART-PREMIU...
Залкар обончусу жана ырчысы Рыспай Абдыкадыров көзү тирүү болгондо 77 жашка чыкмак

Бүгүн, 12-январь күнү Ош шаарында залкар обончу жана ырчы Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карат...
Оштогу Т.Сатылганов атындагы эс алуу жайды реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө

Бүгүн, 18-декабрь күнү шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс...
Ош шаарында телевидения кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 8-декабрь күнү Ош шаарында телевидение жана радио кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиле...
Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде «Манас жумалыгы» башталды

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде 4-8-декабрь күндөрү «Манас жумалыгы» өтөт. Ош шаардык билим ...
Ошто жаштар жумалыгы жыйынтыкталды

Бүгүн, 17-ноябрь күнү Ош шаарынын мэриясында бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө арналган жумалык майрамды...
Шаар мэри жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн сыйлады

Бүгүн, 3-ноябрда Ош шаарынын мэриясынын жыйындар залында 7-ноябрь- КРнын маалымат жана басма сөз күн...
Ош шаарында 50дөн ашуун маданият кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 2-ноябрда Ош шаарында маданият кызматкерлеринин күнү салтанаттуу белгиленип, сыйлоо аземи бол...
Ошто дагы бир эс алуу жай пайдаланууга берилди

Бүгүн, 13-октябрь күнү Ош шаарында кароосуз калган дагы бир сейил бак толугу менен реконструкциядан ...
Ошто Футбол Академиясы ачылды

Бүгүн, 12-октябрда Ош шаарында Асылбек Момунов атындагы Футбол Академиясынын салтанаттуу ачылышы бол...
Ош шаарынын күнүнө карата Исхак Раззаков атындагы эс алуу жайы шаардыктарга тапшырылды

Бүгүн, 5-октябрь күнү Ош шаарынын Манас-Ата аймактык кеңешиндеги И.Раззаков атындагы эс алуу жайынын...
Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады

Ош шаарынын мэри шаар күнүнө карата тургундарды куттуктады Урматтуу шаардыктар жана шаарыбыздын мей...
Ош шаарынын 3017 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленип жатат

Бүгүн, 5-октябрь күнү Ош шаарынын күнүнө карата бир топ майрамдык маданий-массалык иш-чаралар өтүүдө...
Ошто ак таңдай акындардын айтышы болду

Бүгүн, 4-октябрь күнү Ош шаарынын күнүнө карата «Ак таңдай-2017» акындар айтышы болуп өттү. Ага Ош ш...
Ош шаарынын күнүнө арналган майрамдык маданий-массалык иш-чараларынын программасы

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! Сиздерди 4-5-октябрда Ош шаарынын күнүнө арналган...
Ошто Азиядадан келген спортчуларды салтанаттуу тосуп алышты

Түркменистандын Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы жана таймаш өнөрлөрү боюнча Азия оюндарында ...
Ош шаарынын мэри жаш кыргыз тилчи мугалимдерге баалуу белектерди тапшырды

Бүгүн, 22-сентябрь күнү Ош шаарынын мэриясынын чоң жыйындар залында 23-сентябрь- Мамлекеттик тил кү...
Ошто Чүй облусунун маданият күндөрү өтүүдө

7-август Чүй облусунун маданият күндөрү башталып, Сары-Өзөн таланттары Султан Ибраимов атындагы Ош о...
Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды

Кечээ, 7-август күнү төкмө акын Идирис Айтибаев Ош шаарынын делегациясы менен биргеликте Андижан шаа...
Ошто Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды

Ош шаарында Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңештерде курмандыктар чалынды. Ош ...
Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

31-август күнү Ош шаарында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 26 жылдыгына карата уюштурул...
Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл Ош шаары өзгөчө белгилейт

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын быйыл О...
Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Бүгүн, 19-август күнү Ош шаарында “Ош Фест - 2017” эл аралык туристтик фестивалы болуп өттү. Ага Ош ...
Ош шаарында “Сүйүү багы” эс алуучу борбору ачылды

Бүгүн, 14-август күнү Ош шаарында “Сүйүү” эс алуу багынын салтанаттуу ачылуу аземи болуп өттү. Ага О...
Ош шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Бүгүн, 13-июлда Ош шаарында көп балалуу энелерге “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалдары тапш...
Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Бүгүн, 7-июнда Ош шаарынын Бабур театрында Мукуми атындагы өзбек мамлекеттик музыкалык театрынын арт...
Ош шаарынын мэриясы Жолболду Алыбаевге 70 жылдык маарекесинде 100 миң сом ыйгарды

Бүгүн, 19-майда Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында белгилүү комузчу, обончу-д...
Ош: 1000ге жакын энелерге баалуу белектер берилди

Бүгүн, 18-майда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драм театрында энелер күнүнө арналган майрамдык и...
Ош шаарында Корея маданиятынын айы өтөт

27-апрелде Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Корея Республикасынын Кыргызстандагы өзгөч...
Ош шаары Көчмөндөр ааламынан алдынкы орундарды багындыра алды

Ош шаары 4-7-сентябрь күндөрү, Ыссык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өткөн “Көчмөндөр ааламы” фес...
Эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Ош шаарында “Тарых жана маданият” жылынын алкагында өткөрүлгөн эл аралык “Этномаданият” фестивалы...
Ош шаарында Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

Бүгүн, 4-июнь Б.Бейшеналиеванын 90 жылдыгына арналган концерт Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук др...
Ошто Кыргызстанда биринчи жолу “Этномаданият” эл аралык фестивалы өтүп жатат

Бүгүн, 2-июнда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын аянтында “Этномаданият” эл аралык фес...
Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” эл аралык фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Ош шаарында Тарых жана маданият жылынын алкагында 2-3-июнь күндөрү Эл аралык "Этномаданият" фести...
Кайрылуулар
Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары
Муниципалдык кызматтардын базалык р…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...
Муниципалдык кызматтардын стандартт…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...
Фоторепортаждар
Видеорепортаждар
Сурамжылоо
Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?
Добуштардын саны:: 26